БШК №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 млн сом жумшаларын билдирди

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет деп эсептелгенин билдирди. Анда каражат республикалык бюджеттен алынарын маалымдады.

"Эсепте шайлоону уюштурууга жана маалыматтык жактан камсыз кылууга кетчү чыгымдар, комиссия мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, шайлоо өткөрүлгөн күндөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле ишке тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак-аш уюштурууга суткалык төлөмдөр камтылган. Андан сырткары, чыгымдардын бекитилген сметасы шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган иш-чараларды каржылоону, ошондой эле шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алууларды, шайлоо участокторун техникалык жактан жабдууну, маалыматтык материалдарды даярдоону, окутууларды уюштурууну, командировкалык чыгымдарды жана башка уюштуруу иш-чараларды камтыйт",-деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

БШК №13 округдагы кайра шайлоону 1-мартка белгиледи жана үгүт иштери добуш берүүгө 20 күн калганда башталат.

Аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 3-декабрда жокко чыгарган жана муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы менен негиздеген. Аталган округдагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы айтылган.

Ага чейин “7-канал” добушканада шайлоо күнү тартылган видео жарыялаган. Анда добушканада бюллетендерди салуучу үкөктүн үстүнө илинген телефон тартылган. Видеодо жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айткан. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай илип коюшканын” билдирген. Мындан кийин шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тартылган.

Бул округдагы шайлоо жокко чыгарылганынан улам көп добуш алган талапкерлер сотко чейин кайрылган, бирок арыздары канааттандырылган эмес.

Талапкер Бактыбек Сыдыков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, муну "негизсиз каралоо, жеңишти жокко чыгаруу максатын көздөгөн" аракет катары баалаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганына байланыштуу атаандаштарын айыптаганы менен кимдир бирөөлөрдүн атын атаган эмес.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.

Дагы караңыз

"Манас" аэропортунда учактарга туманда дагы конууга мүмкүнчүлүк берген система орнотулуп жатат Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусунун биринин сөөгү табылдыАдвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты КазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды