Медиа чөйрө–2025: Бири жабылып, бири ачылды, бири камалып, бири бошоду

2025-жылы жана ага чейин кармалган, камалган же иш козголгон журналист, активист, саясатчылар жана башкалар. Коллаж.

2025-жыл Кыргызстандын маалымат чөйрөсү үчүн талылуу жылдардын бири болду. Бир жагынан жаңы медиалар ачылса, бир жагынан иштеп жаткандар жабылды, кээлеринин иши токтотулуп, экстремист деп табылды. Журналисттердин кай бири абактан чыкса, башкалары кармалып, камалды. Айрым кабарчыларга издөө жарыяланды. Бир тарап мына ушуларды мисал тартып, сөз эркиндигин чектөө туу чокусуна жетти дешсе, экинчи тарап муну четке кагууда.

“Азаттык” жыл жыйынтыгын чыгарган бул баянында узаган жылы медиа чөйрөсү кабылган окуяларды талдады.

Журналисттер экстремистке айланганда

Алгач узаган жылы эң чоң резонанс жараткан окуядан баштайлы.

Октябрь айында Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечими кыргыз маалымат айдыңын бир сестентти.

Прокурорлордун өтүнүчү менен сот 27-октябрда Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапты. Иш жүзүндө алардын сайттарынын жана баракчаларынын ишине толук тыюу салынды.

Редакциялардын адвокаттары чечимге каршы кийинки инстанцияга даттанарын билдирүүдө. Сот экстремист деп тапкан Темиров да, Тухватшин да алардын редакцияларынын материалдарында мыйзамга каршы келген контент жоктугун айтып, сот чечиминин себебин түшүнбөй турушат. Ал коомчулуктун кеңири катмары үчүн деле алиге чейин белгисиз.

Кыргызстанда 20дан ашык диний жана саясий уюм ар кайсы жылдары сот аркылуу террордук жана экстремисттик деп табылган. Бирок бир да жалпыга маалымдоо каражаты же бир да журналист андай деп таанылган эмес болчу.

Албетте, 2017-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту “Сентябрь” телеканалынан кеткен материалды “экстремисттик” деп таап, медианын ишине тыюу салган. Ал учурда телеканал өзү же журналист “экстремисттик” деп табылган эмес. Ошондуктан соңку окуяны Кыргызстандын тарыхында журналисттердин иши экстремисттик деп таанылган биринчи учур десе болот.

Журналист Аскер Сакыбаева “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:

Аскер Сакыбаева

“Жалпы коомдун жана сот бийлигинин азыркы абалы – бул акыл-эстүү адамдын оюна келбеген, абсурд го дейм. Сот бийлиги адилеттүү, акыйкат болсо экен деп, куралсыз күрөшүп келебиз. Журналисттерди экстремист деп тапкандык мына ошонун “жемиши”, мына ошону көрүп жатабыз”.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” редакцияларын иликтөөчү журналист Болот Темиров беш жылча мурдараак негиздеген. Биринчисинде ал жана анын кызматкерлери түрдүү темадагы, көбүнчө бийликти сындаган материалдарды чыгарып келчү. Экинчисинде болсо ушундай эле мүнөздөгү материалдарды төкмө же жазма ыр түрүндө жарыялачу. “Айт, айт десе, Манасты айт” деген оозеки чыгармачылыктагы учкул кептен аталып калганы да ошондон.

Ал эми “Клооп” басылмасын 2007-жылы журналисттер Бектур Искендер менен Ринат Тухватшин негиздеген. Кадимки жаңылыктар сайты, бирок күн ичиндеги орчундуу окуяларга басым жасашчу. Албетте, сын материалдары көп. Айрыкча акыркы жылдары иликтөөлөрдү байма-бай чыгарып турчу. Сын материалдары үчүн сайт 2024-жылы соттун чечими менен жабылган.

Медиа эксперт Асел Сооронбаеванын сөзүн ортого салалы:

“Албетте, иликтөөчү журналистика ыңгайсыз болот, ал жагымсыз болот. Журналисттик иликтөө үчүн эч ким сени башыңдан сылабайт. Аларды “экстремисттик” деп таап коюшканы бул ооздуктоонун бир куралы. Эң өкүнүчтүүсү биз алардын контентин пайдалана албай калганыбыз, аны жайылта албай калганыбыз. Эмнеге дегенде кээде бир журналисттин колу жетпеген нерсени экинчи журналист таап, ачыктап коёт. Алар бири-бирине шилтеме берип турганда жакшы болмок”.

Болот Темиров да, Ринат Тухватшин да Кыргызстанда эмес. Темировду 2022-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту “Орусиянын жараны болуп туруп Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган” деген айып менен өлкөдөн мажбурлап сыртка чыгарып жиберген. Тухватшин болсо коопсуздугунан улам буга чейин өлкөдөн чыгып кеткен экен.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигин Temirov Live, “Айт Айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорун жана журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тааныган соттун чечимин жокко чыгарууга чакырды. Мындан башка да эл аралык уюмдар ушундай билдирүү жасашты.

Бирок бийлик бул окуялардын баары мыйзамдуу деп, соңку аракеттерди мамлекетти бекемдөө аракети менен түшүндүрүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев “Клооп” жөнүндө мындай пикири менен бөлүштү:

Марат Тагаев

“Менин жеке көз карашымда, булар журналист болуудан, медиа болуудан калып, толук кандуу азыркы бийликке каршы чыккан, азыркы мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирген, эл ичинде бүлүк салган, кандайдыр бир максатты көздөгөн аракеттерге өтүп алганы жашыруун эмес. Калыс, адилет, акты ак, караны кара деп айткан адам муну да дароо эле айтат. Темировдун бүгүнкү аракети бул журналисттин иши эмес. Бул оппозициячыл да эмес, өлкөнүн, элдин, керек болсо улуттардын ичинде бүлүк салуучу. Бул бир эле караган көзгө билинет”.

Журналисттер да басымдан четте калган жок

Анткен менен кеп болуп жаткан редакцияларга байланыштуу маселелер муну менен эле бүтпөйт.

Паспорт ишинен мурдараак, тагыраагы, 2022-жылы Болот Темиров жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаров “маңзат пайдаланууга” айыпталып, кармалышкан эле. Бул иш боюнча эки Болот тең акталган. Бирок Болот Темиров өзү ошол эле жылы өлкөдөн чыгарылганын жогоруда белгилей кеттик.

Мындан бир жарым жылча убакыттан кийин анын кызматкерлеринин башына каран күн түштү. 2024-жылдын 16-январында ал негиздеген Temirov Live жана “Айт, айт десе” редакцияларынын ошол кездеги жана мурдагы 11 кызматкери “массалык башаламандыктарга чакырык” жасоого айыпталып, жапырт кармалган.

Тогуз айлык териштирүүдөн кийин Бишкектин Ленин райондук соту ошол жылы октябрда долбоорлордун жетекчиси, Темировдун аялы Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Amnesty International Махабат Тажибек кызын абактан бошотууга үндөйт

Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, экөө тең сот залынан бошотулган. Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков акталган. Сот өкүмүндө алар кылмыш кылбаганы айтылган.

2024-жылдын декабрында ушул эле чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Акын жана журналист Азамат Ишенбеков президенттин ырайымы менен 2025-жылы апрелде эркиндикке чыкса, Махабат Тажибек кызы дале абакта кала берүүдө.

Медиа эксперт Асел Сооронбаеванын кебин кайрадан сунуштайбыз:

Асел Сооронбаева

“11 журналисттин камалышы, журналист жана Фейсбукта үнү бар Канышай Мамыркулованын, башка да активисттердин кармалышы, биз мурдараак материал да жасаган элек, кыскасы, Фейсбукта ачык сөз айтканы үчүн абакка түшүп калгандардын көбөйүшү журналисттердин өзүн өзү цензуралоосуна алып келди. Ар бир материал чыгарарда ойлоносуң, кооптоносуң. Бийлик муну кандай кабыл алат? Материал фактыга таянган, чындык болуп жатса, түз, болгонун болгондой кабыл алабы? Конструктивдүү сын-пикирди туура кабыл алабы, деген суроолор боло берет. Дары деле ачуу болот да, бирок аны ичсең айыгасың. Сын деле ошол сыяктуу. Өзүн өзү цензуралоодон улам көп темалар айтылбай, көз жаздымда кала баштады. Журналистикада көптөгөн жанрлар бар болсо, анын туу чокусу иликтөө да, ошол иликтөө да жүргүзүлбөй калды”.

Мунун фонунда – 2025-жылдын май айынын аягында “Клооп Медиа” басылмасынын ошол кездеги жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналисттер, операторлор, эсепчилер атайын кызматка жеткирилип, алты сааттай суракка алынды. Журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул ирет басылмага “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айып таккан.

Калган кызматкерлер “Клооп” менен кызматташуудан баш тарткан соң коё берилип, басылманын ошол кездеги оператору Александр Александров жана мурдагы оператору Жоомарт Дуулатов кармалып, камакка алынган. Сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Дуулатов менен Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кескен. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырган.

Ноябрдын аягында Бишкек шаардык соту аларды күнөөлүү деп тапкан биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, Дуулатовду жана Александровду да үч жылдык пробация менен бошотту. Эсепчилердин өкүмү ошол боюнча калтырылды.

Кызматкерлеринин тагдыры мына ушундай болуп жаткан чакта, жогоруда белгилегенибиздей, редакциялар жана анын негиздөөчүлөрү экстремисттик деп табылып олтурат.

Кармалган жана иш козголгон журналисттер

Бул болгону үч редакциянын журналисттери туш болгон гана жагдай. Соңку бир жылда мындан башка да медиалар жана алардын кызматкерлери ар кандай басым-кысымга кабылышты.

Анын бири – Канышай Мамыркулова. Буга чейин түрдүү маалымдоо каражаттарында иштеген журналист Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Акыркы мезгилдери ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Ошондой постторунан улам Мамыркулова 2025-жылы 20-мартта кармалып, камакка алынган. Ага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Дагы караңыз Мамыркулованын иши: Шаардык сотто адвокаттар журналистти актоону өтүндү

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы коюлган эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист ошол эле күнү сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз беришкен. Учурда иш шаардык сотто каралууда.

Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазуусуна чектөө коюлган. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок.

Өткөн жылы мындан сырткары эки жыл мурда Кыргызстандан чыгып кеткен журналист, "Новые лица" гезитинин редактору Лейла Саралаевага “массалык башаламандыкка чакырык” деген берене менен кылмыш иши козголду.

Журналист өзү “Азаттыкка” айтып бергендей, экспертизадагы материалдарда мурдараак анын депутаттыкка талапкерлигин койгондогу Тик-Ток, Ютубдагы видеолору, УТРКдагы сүйлөгөнү, жалпысынан 53 видеосу бар экени белгилүү болгон.

Дагы караңыз "Башаламандыкка үндөгөн эмесмин". Журналист Лейла Саралаевага коюлган айып

Ички иштер министрлиги Лейла Саралаевага кылмыш иши козголуп, сыртынан айыбы угузулуп, издөө жарыяланганын ырастаган. Милиция экспертиза “анын материалдарында массалык башаламандыкка чакырык бар” деген корутунду чыгарганын билдирсе, журналист өзү мунун баарын четке каккан.

“Сөз эркиндиги деген нерсе журналисттерге эле керек эмес. Бул жалпы коомго керек, биринчи кезекте бийликке, элге керек. Жөнөкөй айтканда, эгерда адамдын башында акыл болсо кийим, тамак-аштан кийин эле ой керек. Адам эркин ойлонуп, эркин жашашы керек. Эгер эркин болсо, эркиндик болсо башка иштери да жакшы жүрөт, баскан-турганы, ойлонуусу да эркин болот. Ошондо жаңы нерселер, жаңы ой-кыялдар ишке ашат. Анан туш тараптан чектеп турса, “мындай бассаң үч жылга кесилесиң”, “тигиндей бассаң беш жылга кесилесиң”, “ар жакка өтүп кетсең экстремист болосуң” деп турушса кайдагы эркиндик? Адамдын шагы сынат, үмүтү өчөт, ойлонбойт. Эркин ой болбосо анда башка нерсени – “бул жерде жашоого болбойт, кетиш керек” дегенди ойлонуп баштайт”, – деди журналист Аскер Сакыбаева.

Жабылган жана бөгөттөлгөн медиалар

2025-жылдын июль айында Бишкектин Октябрь райондук соту башка бир маалымдоо каражаты – “Апрель” телеканалын жабуу чечимин чыгарган. Чечимде аталган редакциянын бардык социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын өчүрүү жана бөгөттөө талабы коюлган. Август айынын башында анын YouTube платформасындагы баракчасы иштебей калган.

Мындан сырткары маалыматтык чөйрөдө бир катар талаштуу мыйзамдар сунушталып, алды кабыл алынды.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө журналисттердин эркин иштешине шарт бар экенин, ал эми буга чейин жоопкерчиликке тартылгандарды адискөй журналист эмес деген пикирин билдирген. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү сунушталып жаткан мыйзамдар, айрым демилгелерди заманга шайкеш келтирүү, тартипке салуу талабы менен түшүндүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев мындай дейт:

“Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги бар. Ким эмнени кааласа ошону сүйлөп эле жатышат. Болгону мурдагыдай бир чектен экинчи чекке секирип, мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирип, аны төңкөрүүгө аракет кылган көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, бардыртпай жатат. Биз ошону сөз эркиндигине басым деп түшүнүп жатабыз. Тескерисинче, бүгүнкү күндө биз журналистиканын сапаты жөнүндө ойлонушубуз керек. Азыркы журналисттерибиз кимдер, каякта окушту, алардын ой өрүшү, интеллектуалдык деңгээли кандай? Элге маалымат таратууда ал канчалык тажрыйбалуу? Колуна микрофон алып, эфирге чыккандын баары эле журналист эмес да. Тескерисинче, биз журналисттердин сапатын жогорулатып, жоопкерчилик маселесин унутпашыбыз керек. Мен укмуш болуп кетти дегенден да алысмын, сөз эркиндиги сөзсүз болушу керек. Сөз эркиндигин, демократияны басынткан эл эч жыргап кеткен эмес. Бирок ошол эле мезгилде сөз эркиндиги деп эле аны анархияга айлантып алуу туура эмес”.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жарандын ишин тизмектеген.

Бирок бул эсеп чыккандан бери да башка журналисттер жана активисттер кармалды.

2025-жылдын башынан бери эле кармалгандарды жогоруда өзүнчө эсептедик. Так мына ушунун баарын адистер сөз эркиндигине басым деп атап келишет.

Талдоочу Руслан Акматбек мындай үн кошту:

Руслан Акматбек

“Өлкө жетекчилиги ар мүмкүнчүлүктө укук корголгон өлкө курабыз, эркин болуш керек деп айтып жатышат. Атайын кызматтын башчысы элдин сынын угушубуз керек деп жатат. Мындай карасаң, тескери иш-аракеттер болуп жатат. Анча-мынча саботажбы деп ойлоп кетесиң. Биз ушундай абалда бир нерсени чечип алышыбыз керек. Биз укуктук мамлекет курабызбы? Эгер ушул жолду тандап, адамдардын укугу корголгон өлкө болобуз десек, мындай аракеттерди токтотушубуз керек".

Human Rights Watch (HRW), CIVICUS Monitor жана башка уюмдар да Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин, саясатчы, активист, укук коргоочу жана журналисттерге куугунтук күчөп жатканын эскертип келишкен.“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ), Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) медиаларга жасалган чектөөлөрдү жана журналисттерге козголгон кылмыш иштерин айыптаган билдирүү таратышкан.

Freedom House (FH) эл аралык уюму “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик деңгээлинин төмөндөөсү байкалып жатканы белгилеп, Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин тизмесинде калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Мунун ичинде 2022-жылдан бери Бишкектин Горький эс алуу багынан башка жеринде митинг өткөрүүгө чектөө коюлганы да мисал келтирилген.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров демократия, сөз эркиндигине байланыштуу мындай баага макул эмес. Ал соңку курултайдагы сөзүндө бийлик адамдардын эркин чогулуу укугун камсыздоо үчүн шарт түзгөнүн айтты.

Садыр Жапаров

"Демократияны чуулгандуу иштерге, көтөрүлүшкө колдонбош керек. Калп нерсени чындай кылып элге таратса эл ишене берет. Ушундайлар да бар арасында. Митингге биз тыюу такыр салган эмеспиз. Горький деген аянт бар. Ошол жерге барып, суткалап жатып алып, эмнени айтсаңар, айта берсеңер болот. Бирок жалган айтпагыла. Элди көтөрүлүшкө чакырып, эки улутту, региондорду бири-бирине кагыштырбагыла. Мына, Америкада деле БУУ үйүнүн жанында жер бөлүп берген, күн, түн дебей ошол жерде митинг кылып, кыйкырып жүрүшөт. Бизде деле кыла бергиле. Ак үйдүн, соттордун, прокуратуранын алдында тыюу салынган, Горький паркына эч кандай тыюу жок митингдерге", – деди Садыр Жапаров 26-декабрда.

Жаңы ачылган медиа, пропаганданын кулачы

Кыргызстандагы медиалар жана журналисттер мына ушундай реалдуулукта иштеп жаткан чакта өлкөнүн медиа мейкиндигине сырттан, тагыраагы Орусиядан “чоң оюнчу” кирип келди. Кеп “Номад ТВ” жөнүндө болууда.

Кыскасы, аталган телеканал бир нече ай мурдараак уюшулуп, ноябрда биринчи ирет эфирге чыкты. Анын ачылыш аземине Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышты.

Телеканалдын артында ким турарын так айтуу кыйыныраак, бирок ал Кыргызстанда журналисттерди жана студенттерди окутуу менен алектенип, Бишкекте парк салган жана социалдык дүкөндөрдү ачкан орусиялык “Евразия” уюму менен байланыштырылууда.

Орусиялык RT телеканалынын жана “Орусия Бүгүн” медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян 2025-жылдын июнь айында өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумунда “Евразия” фондун ишкер Илан Шор негиздегенин айткан. Экөө тең уюмдун Камкорчулар кеңешинде мүчө.

Илан Шор теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген олигарх. Ал Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

“Номад ТВга” Симоньяндын шакирти, Russia Today (RT) – “Орусия Бүгүн” медиатобунда башкы продюсер кызматында иштеп келген Анна Абакумова продюсер болду. Телеканалга ошондой эле Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин Кыргызстандагы редакциясынын мурдагы кызматкерлери тартылып, УТРК, ЭлТР, “7-канал” сыяктуу башка медиалардан журналисттер чоң маяна убадаланып тартылды.

“7-каналдын” директору, Кыргызстандын Журналисттер биримдигинин төрагасы Илязбек Балташев мурдараак “Азаттыкка” буларды айтып берген эле:

Илязбек Балташев

“Алар бир-эки ай мурдараак, жай айларында биздин бир-эки кызматкерди “Евразия” деген уюм аркылуу Орусияга пресс-турга алып барып келишти. Анан кайра келишкенден кийин эле кызматка чакырып, “бизге салыштырмалуу чоң маяна сунуштап жатат” дешти. Ошо менен бизден бир-эки кызматкер кетти. Бул эми журналисттердин өзүнүн тандоосу экен да, алардын тандоосун сыйладык. Ал телеканалдын жетекчилери кимдер экенин, каяктан каржылана турганы жөнүндө так маалыматым жок. Болгону “Номад ТВ” деген канал ачылат экен, аны Орусия тарап каржылайт экен” деп гана уктум. Негизи медиа талаасында даяр журналист жок да. Даяр журналисттерди алар УТРК, ЭлТР же башка телеканалдарда мурдатан иштеп келгендерди, тажрыйбалуу журналисттерди алышат да баары бир. Албетте, бизге, жетекчилерге өкүнүчтүү, кадрларды таптайсың, аларга үмүт артасың, пландарды түзөсүң, анан соңунда келип, “башка жумушка кеттим” десе ыңгайсыз абалда калат экенсиң. Негизи президенттин колдоосу менен мамлекеттик телеканалдардын маяналары жогорулатылган, жеке телеканалдар биз да ошолорго теңеп, айлыктарды көтөрүүгө аракет кылып келебиз. Бирок минтип сырттан чоң бир медиа кирип телеканал ачканда атаандаштыкка туруштук бере албай калат экенбиз. Алар, мисалы, журналисттерди чакырып туруп эле “канча маяна аласың?” деп сурайт экен. Мисалы, “50 миң сом айлык алам” десе, “анда мен сага 100 миң сом берем” деп эле тартып кетет экен”.

Маалым болгондой, Кыргызстандын аймагында Орусиянын “Биринчи канал” (ОРТ), “Россия 24”, РТР, “Культура”, “Звезда” сыяктуу ондогон телеканалдары тартат. Алар кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери эле Ала-Тоодо Кремлдин пропагандасын туруктуу таратып келатат.

Кыргызстан Москва түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулардан бир жыл мурун – 2014-жылы Бишкекте Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып бара баштаган.

Дагы караңыз Орусия Кыргызстанда телеканал ачты: Шордун карааны, Симоньяндын сүрөөнү

Мындан сырткары Орусиянын бир нече гезиттери да Кыргызстанда иш алып барат. Ошондой эле жергиликтүү аудиторияга багытталган толтура сайттар, социалдык түйүндөрдөгү баракчалар жана каналдар да иштейт.

Адистер Украинадагы согуш башталган соң Facebook, Instagram, Twitter, YouTube же башка платформаларда Орусиянын медиаларынын баракчалары бөгөттөлгөндөн улам алар Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жергиликтүү медиа ачканын белгилешүүдө. Экономикалык термин менен атаганда бул – диверсификация, жөнөкөй тилге салганда – медианын түрүн көбөйтүү, өзгөртүү же кеңейтүү.

Журналист жана медиа талдоочу Миржан Балыбаев буларга токтолду:

Миржан Балыбаев

“Андай орусиялык телеканалга жергиликтүү жүздөр, элге таанылып калган журналисттер керек. Элге алар сүйлөп, пропаганда жүргүзсө алардыкы өтүмдүү болот деген ой менен ушундай кылып жатышат. Бул мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш-чара. Алар пропаганда деп ачык эле айтып жатышат. Ал эми Мария Захарованын репутациясы талаштуу маселе. Ошондой адам келип, телеканалды ачып жаткандан кийин терең ойлонуш керек. Анткени Захарованын башка мамлекеттер жөнүндө, анын ичинде Борбор Азияга, бизге карата айтылган сөздөрүн карап көргүлөчү. Эми ошол киши келип, “мына силердин тилиңерде өзүбүздүн пропагандабызды кулагыңарга куябыз” деп жатат. Ансыз да пропагандага ууланып калган эл эми кыргыз тилинде, кыргыз журналисттери чайнап берген маалыматты жута беришет”.

Айтор, Кыргызстандын медиа чөйрөсү 2025-жылы туш болгон окуялар мына ушундай болду. Өзүңүз байкаганыңыздай, жеңил эмес жаңылыктар. Эми 2026-жылы жакшы жаңылыктар көп болсун деп тилек кылалы! Адатта көп кайталанган мына ушул сөз жаңылык тараткан журналисттердин өзүнө көбүрөөк керек болуп турат.