Кыргыз журналисттерин сынаган жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2025-жыл Кыргызстандын маалымат чөйрөсү үчүн талылуу жылдардын бири болду. Бир жагынан жаңы медиа каражаттары ачылса, бир жагынан иштеп жаткандар жабылды, кээлеринин иши токтотулуп, экстремист деп табылды. Журналисттердин кай бири абактан чыкса, башкалары кармалып, камалды. Айрым кабарчыларга издөө жарыяланды. Бир тарап мына ушуларды мисал тартып, сөз эркиндигин чектөө туу чокусуна жетти дешсе, экинчи тарап муну четке кагууда.