Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып 33 жаштагы адам кармалды

Кармалган шектүү.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Ысык-Ата районунда 33 жаштагы адам (А.Э.) үй-бүлөлүк зомбулукка шек саналып кармалганын билдирди. Облустук милициянын маалыматында 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 31 жаштагы келин (А.З.) кайрылып, Ивановка айылындагы үйүндө үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда жолдошу аны сабаганын айтып, чара көрүүнү суранып арыз жазган.

Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында келиндин оң тарабындагы бир кабыргасы сынганы, денеси көк ала болгону аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Соңку жылдары өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы зордук-зомбулук көбөйдү. Былтыр 23-декабрда эле Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованы жолдошу ажырашуу соту болгон күнү атып салган. Келин туулган күнүндө ажал тапкан. (BTo)

Дагы караңыз

Сенатор Грэм Орусияга каршы санкция мыйзамын Трамп колдогонун билдирдиФранция, Британия жана Украина коопсуздук кепилдиктери боюнча декларацияга кол коюштуУкраинанын эки аймагы түндө таптакыр жарыксыз калдыСот Кудрет Тайчабаровду камакта калтырдыШаардык милиция чет өлкөлүктөр жанында документтерин алып жүрүшү керектигин эскерттиДайынсыз экени айтылып жаткан 25 жаштагы Акишова Нарындан табылды