"Иран революциялык учурдун босогосунда турат"

Караж шаарындагы нааразылык акциясы. Иран, 8-январь 2026-жыл

Ирандагы кан төгүү менен коштолгон толкундоолор экономикалык каатчылыкка болгон нааразылыктан башталып, саясий талаптар да айтылып жатат. Бул окуялар Ислам жумурияты режиминин ойрон болушуна алып келиши мүмкүнбү?

Байкоочулар азыркы акциялар абдан консервативдүү жана динчил болуп эсептелген Тегеран Базарындагы соодагерлердин нааразылыгынан башталганын белгилеп, 1979-жылкы Ислам революциясы маалында ал жай шахка каршы козголоңдун чордонунда болгонун эске салышат.

"Фарда" радиосу бул жолку толкундоолор Тегерандагы режимдин алмашуусуна алып келиши мүмкүнбү деген темада Жорж Мейсон университетинин профессору Жэк Голдстоун менен маектешти.

- Айрым байкоочулар Иран революциянын кырында турганын айтышат. Ыңкылап деген эмне?

- Революциянын башталышы үчүн көп сандагы адамдар режимге каршы көтөрүлүп, башкаруучулардын бийликтен кетишин талап кылууга тийиш. Андайга күбө болуудабыз. Ошентип, революциялык учурдун босогосунда турабыз. Бирок Иранда бийлик нааразылык акцияларын өтө ырайымсыз, аёосуз басканын көп жолу көргөнбүз.

Менимче, бул жолу толкундоолор башкалаа, чакан шаарларга жайылганын, аларга улгайган кишилер менен жаштар катышканын, базарлардагы соодагерлер дүкөндөрүн жаап, көчөлөргө чыкканын эске алганда, режимге чоң коркунуч жаралгандай. Менимче, бул географиясы жана түрдүү топтордун саны жагынан алганда 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин тутанган көчө нааразылыгынан берки чоң акциялар болуп калды.

- Ирандын шартында кайсы факторлор ыңкылапка алып келиши мүмкүн?

Дагы караңыз "Аялдар, жашоо, эркиндик": Ирандагы кыймыл каармандыкты, тилектештикти күчөттү

- Хаменеи бүт өмүрүн революцияны коргоого арнады. Ал милдетти ыйык вазийпа деп эсептейт. Андыктан аны аткаруу үчүн эмне зарыл болсо, барын жасайт. Элге ок атуу буйругу берилген адамдар ошону аткарабы? Бул башка суроо. Буга чейин буйрукту аткарып келишкен. Бирок ошондо кеп кайсы бир топ тууралуу жүргөн. Мисалы, негизинен студенттер чыккан, башкалаанын, белгилүү бир провинциялардын жашоочулары же жалаң аялдар катышкан акциялар болчу.

Бул ирет калктын бардык катмарлары козголгондой. Бул жагдай «Басиж» кошуундары жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлерин кыйын абалга кептейт. Себеби алар нааразылык акцияларына бир катмар эмес, бүтүндөй калайык чыкканын көбүрөөк сезет.

- Ирандагы экономикалык кризис, эл аралык кысым-басым, былтыр Израил менен болгон 12 күндүк согуштун таасири кандай болууда?

Дагы караңыз Иранда Хаменеинин мураскерин тандоо иши тездетилеби?

- Менимче, экономиканы башкаруудагы каталар, улуттук валютанын кескин арзандап кетиши жана Иранды сырткы чабуулдардан коргоп кала албаганы режим калктын көбү арасында кадыр-баркын, легитимдүүлүгүн жоготту. Ыңкылапчылар режими бийликке келгенде көздөгөнү аткарылбай, коопсуздук, стабилдүүлүк камсыздалган жок. Элге жашоо-тиричилигин кылууга шарт түзүлгөн эмес. Ошон үчүн Израилдин чабуулдарынан, улуттук акчанын кулашынан кийин ачуулануу, иренжүү жана нааразылык мурдагыга караганда жогору чекке жетти.

Сакчылар корпусу режимге болгон ишенимин жоготуп-жоготпогонун эч ким билбейт. Ошондой болсо, алар жаңы өкмөт түзүүгө аракет кылганда Хаменеини жана диниятчыларды ал жараянга аралаштырбашы мүмкүн.

- АКШнын же башка өлкөлөрдүн саясаты Ирандагы окуялардын өнүгүшүндө кандайдыр бир рол ойношу мүмкүнбү?

Дагы караңыз Иран бомба жасайт беле? Өзөктүк курал боюнча адистин түшүндүрмөсү

- Менинмче, жок. Азыркы учурда Иран элинин бийлик жана аскерлер менен тирешүүсүн көрүп келатабыз. Америка да, Европа да байкоо салып турат. Өзгөрүүлөрдү колдошорун айтышат. Бирок жакынкы 48-96 сааттагы окуялар армия клериктер режимин колдой бергенин же позициясын өзгөрткөнүн көргөзмөкчү. Айрымдары кийлигишпей , башкалары өзгөрүүлөрдү колдошу мүмкүн. Менимче, алдыдагы эки-үч күндө аскерлердин акцияларды аёосуз таркатканын баамдай алабыз.

2022-жылкы (“Аялдар, жашоо, эркиндик”) акциялар маалында күч түзүмдөрүнүн колунан жүздөгөн киши каза тапкан, миңдегени кармалган. Эми да ошондойго барууга аргасыз болушу ыктымал. Аскерлер андай кадамдарга даярбы же жокпу, көрө жатабыз. Хаменеи сырткы өлкөлөрдү айыптап жатат, демонстранттарды эл душмандары кылып көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бирок ал кырдаалды өзгөртүүгө кудуреттүү бир нерсе айта аларына ишенбейм. Аябай күчтүү репрессияларга туш болушпаса эле, толкундоолор уланат деп ойлойм.