Финляндия 10-январдан тартып расмий түрдө Оттава келишиминин (жөө аскерлерге каршы миналарды тыюу салган конвенциянын) катышуучусу болбой калды. Бул өлкө жөө аскерлерге каршы миналарды кайрадан өндүрүүгө жана орнотууга укуктуу дегенди билдирет. Оттава келишими катышуучу мамлекеттерге мындай куралды иштеп чыгууга, колдонууга, сактоого жана өткөрүп берүүгө тыюу салат.
Финляндия бийлиги келишимден чыгуу тууралуу чечимди өткөн жылдын 10-июлунда билдирген. Чечим алты айдан кийин күчүнө кирди.
Финляндия Орусия менен чектеш НАТОго мүчө Эстония, Латвия, Литва жана Польшанын жолун улады. Өткөн жылы келишимден чыгарын Украина да билдирген.
Жөө аскерлерге каршы миналарды тыюу салган конвенциядан чыккан өлкөлөрдүн жүйөсүндө, 1997-жылы кол коюлган келишимдин нормалары заманбап согуштардын чындыгын эске албайт жана Орусиянын Украинага каршы улантылып жаткан согушунун шартында башка мамлекеттерге коркунуч жаратат.
Финляндия башка өлкөлөр сыяктуу эле өз чечимин коопсуздук жаатындагы абалдын начарлашы менен түшүндүрдү. Кабыл алынган чечимди бийлик туура тапса, чек арага жакын аймактардагы талааларда мина коюла баштайт.
- Конвенция 1997-жылы Оттава шаарында кабыл алынган. Ага кол койгон өлкөлөр "жөө аскерлердин минанын айынан тарткан азап-тозокторун жана кайгылуу кесепеттерди токтотууга" макул болушкан. Орусия бул конвенцияга эч качан кошулган эмес. Муну келишимден чыгуу чечимин кабыл алган өлкөлөр өз жүйөлөрүндө өзгөчө белгилеп келет.