Украина Каспийдеги мунай бургуларын бутага алганын кабарлады

"Лукойл" компаниясынын Каспийдеги бургусу.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын армиясын камсыздаганы айтылган "Лукойл" компаниясына караштуу мунай бургуларын бутага алганын 11-январда маалымдады. Башкы штаб келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатканын кошумчалады. Маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.

Украин куралдуу күчтөрү буга чейин декабрь айында да Каспийдеги мунай жайларына сокку урганын билдирген. Маалыматка ылайык, декабрдагы украин чабуулунун натыйжасында Орусиянын 14 мунай бургусунун иши токтогон.

10-январга караган түнү да Волгоград облусунда мунай базасына дрон чабуулу жасалып, аймакта өрт тутанганын губернатор Андрей Бочаров билдирген.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан, Киев Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.

Дагы караңыз

Иранда толкундоолор басыла элек, каза тапкандар жүздөп саналат Укук коргоочулар Иранда каза болгондор жүздөп саналарын маалымдоодоБуданов украин армиясындагы олуттуу көйгөйлөрдү айттыУкраинадагы уруштун узактыгы Улуу Ата Мекендик согуштукуна теңелдиАКШ армиясы "Ислам мамлекетинин" Сириядагы объекттерине сокку урду