Пхукетте кайык кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Пхукет, Тайланд. Иллюстрациялык сүрөт.

Тайланддын Пхукет шаарында катер менен балык уулоочу кеме кагылышып, 55 адам жабыркаган. Кемеде кыргызстандык жарандар болгон, бирок алар жабыркаган эмес.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Тайланддагы консул катердеги эки кыргыз жараны менен байланышкан.

"Алынган маалыматтарга ылайык, кырсыкта Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Сунушталган медициналык жардамдан жана ооруканага жаткыруудан баш тартышкан", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстандык жарандар Пхукеттен 15-январда кайтып келери кабарланды.

Thairath басылмасы Пхукетте сейилдөөчү Korawich Marine 888 катери балык уулоочу кеме менен кагылышып, 55 адам жаракат алганын, кемеде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан барган туристтер болгонун, орусиялык 18 жаштагы кыз каза болгонун жазып чыккан. Окуя 11-январда болгон.

Korawich Marine 888 катери орус тилдүү туристтерди тейлөөчү компанияга таандык экени, компаниянын катерлери буга чейин да бир нече жолу кырсыктаганы айтылган.

11-январда Мальтада эс алып жүргөн 48 жаштагы кыргызстандык аял сууга чөгүп каза болгон, анын 23 жаштагы кызы жаракат алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалдыКинематографисттер союзуна жаңы төрага шайландыТрамп Ирандын жетекчилери сүйлөшүүнү каалап жатканын айттыНазарбаевдин күйөө баласы, ханзааданын сарайы жана коррупциялык схема. Британ журналисттери эмнени тапты?Президент Жапаров Бишкекте МИК курган батирлердин чарчы метри 950 доллардан айланганын айтты