Мушкер, айдоочу, ырчы... Иранда тополоңдо окко учкандар

Ага-ини Расул жана Реза Кадиворян

мазмуну

  • Ирандын батышындагы жакыр аймактарда коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок чыгарып, жаштар набыт болду.
  • Лорестан, Илам жана Керманшахта бир нече адам, анын ичинде өспүрүмдөр жана спортчулар окко учту.
  • Өмүрү кыйылгандардын арасында адвокат, хип-хоп ырчы жана карапайым жумушчулар бар.
Иранда өкмөткө каршы толкундоолор маалында коопсуздук түзүмдөрү элди таркатуу үчүн ок чыгарганда жүздөгөн киши каза тапканы кабарланды. Тегеран бийлиги курмандыктардын санын ачыкка чыгарбайт. “Фарда” радиосу 9-январга карата 25 кишинин өлүмүн тактай алды. Арасында өспүрүмдөр менен балдар да бар.  

Журналисттер азырынча тек-жайын тактай алган макумдардын көбү өлкө батышындагы Лорестан, Илам жана Керманшах чөлкөмдөрүндө окко учкан. Экономикалык кризистен өзгөчө жапа чеккен бул жакыр провинцияларды улуттук азчылыктар байырлайт.

Каза тапкандардын көбү ок жеп жараат алган жаштар. Ирандын коопсуздук күчтөрү абдан катаң ыкмаларды колдонуп, топтолгон элге түз ок чыгарууда.

Лор этностук тобу жашаган Лорестан провинциясында кеминде жети киши каза тапты. Азан аттуу чакан шаарда эле беш демонстранттын өмүрү кыйылды.

Адвокаттын жардамчысы

1-январдагы акция маалында окко учкан 28 жаштагы Ахмад Реза Амани жергиликтүү адвокаттык бюродо жардамчы болчу.

15 жаштагы Мустафа Фаллахи Азна шаарындагы демонстарцияда, андан бир жаш улуу дагы бир өспүрүм Таха Сафари октон алган жаракаттан көз жумду.

Таха Сафари

Амир Хоссам Ходаярифард ошол эле чөлкөмдүн Кохдашт калаасында жыл жаңырган күнү өмүр менен кош айтышты. Ислам революциясы сакчылар корпусунун жергиликтүү бөлүмү ал “Басиж” куралчан кошуунунун мүчөсү болчу деп билдиргени менен, маркумдун жакындары муну четке кагышты.

Мушкер жана бодибилдер

3-январда Илам провинциясында орун алган Малекшахи шаарында митингчилер Ислам революциясы сакчылар корпусунун эки кабат имаратынын жанына чогулуп, өкмөткө каршы ураандарды чакырып, таш ыргыты баштаганда корпустун аскерлери чатырга чыгып алып, элди ошол жактан аткылашкан. Беш кишинин өмүрүн алган окуя эң кандуу каргашанын бири болуп калды.

Сакчылар корпусунун отставкадагы мүчөсү Латиф Каримини коопсуздук күчтөрүн элге ок чыгарбоого чакыргандан кийин атып салышкан. Үй-бүлөсү маркумдун нааразылык акциясына катышканын “Фарда” радиосуна айтып берди.

27 жаштагы бодибилдер Реза Азимзаде ал каргашада өлтүрүлгөндөрдүн дагы бири. Дагы бир спортчу, бокс менен машыккан Мохаммад Реза Карами алган жарааттарынан ооруканада үзүлгөн.

Дагы караңыз Иран: 500дөн көп киши өлүп, 10 миңден ашык адам кармалганы кабарланды

Айдоочу жана курулушчу

3-январда Керманшах чөлкөмүндө үч киши каза тапкан. Ага-ини Расул жана Реза Кадиворян курулушта жумушчу болуп иштечү. Улуусу, 20 жаштагы Реза митинг учурунда окко учкан, бир тууганы да ок жеп, кийин ооруканада жан берген.

Анын алдыңкы күнү ушул эле провинциянын Харис районунда 42 жаштагы айдоочу Али Азизи набыт болгон. Бийликтин айтымында, ал Ислам революциясы сакчылар корпусунун мүчөсү болгон. Бирок жакындары бул маалыматты четке кагышты.

Машыктыруучу

Түштүктөгү Фарс аймагында коопсуздук күчтөрү 33 жаштагы Ходадад Ширвани-Манфардды жакындан мээлеп туруп, башка атышкан. Туугандары окуя 1-январда полиция бөлүмүнүн жанында болгонун “Фарда” радиосуна айтып беришти. Социалдык тармактарга чыккан видеодо калган демонстранттар анын сөөгүн көтөрүп баратканы көрүнүп турат. Фарста дагы эки кишинин өмүрү кыйылган.

Хип-хоп ырчы

Түштүк-батыштагы Чахармахал жана Бахтиари провинциясында бери дегенде 4 киши мерт кетти. Эң жашы Сажад Валаманеш 20 жашта болчу. Анын үмүрү 1-январдагы акция маалында үзүлгөн.

28 жаштагы хип-хоп аткаруучу Соруш Солейманини 4-январда Хафешжан шаарында атып өлтүрүшкөн.

Шиийлердин Ком деген ыйык шаарында да толкундоолор кан төгүү менен коштолду.

Жергиликтүү бийликтин өкүлү 34 жаштагы соодагер Хоссейн Рабиеи алып бараткан граната жарылганда мерт кеткенин айтканы менен маркумдун үй-бүлөсү муну төгүнгө чыгарды.

2-январда каза болгон Мохаммад Нуринин жакындары аны көкүрөккө атышканын айтып беришти.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иран: Полиция менен демонстранттардын кагылышы уланууда