"Кызымды кыйнап өлтүрдү". Дагы бир келин мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Муккадам Нуралиева азыр чолпондой болгон кызынын сүрөтүн улам көрүп, көз жашын тыя албай, ичи өрттөнүп отурат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен өлтүргөн Тахминанын кейиштүү тагдыры коомчулукту селт эттирип, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн кайрадан талкууга чыгарды. Бир ай мурда күйөөсү атып салган Жибектин өлүмүнөн кийин зомбулук тууралуу талкуулардын арты сууй элек болчу.

Тахмина Рустамжон кызы болгону 28 жашта эле. Ал жыл жаңыргандан кийин 3-январда Сузак айылындагы өзү жашаган батирде мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталып өлтүрүлдү.

Артында чолпондой болгон эки баласы жетим калды. Энеси Муккадам Нуралиева күйүтүнө чыдабай зар какшап, оор үшкүрүп телефондон кызынын сүрөттөрүн кайра-кайра карап отурат. Күлүмсүрөп турган ажарлуу Тахминанын зомбулуктун курмандыгы болуп бул жашоо менен кош айтышканына ишенбей кетет.

Айласы кеткенде кызын өлтүргөн адамдын тиешелүү жазага тартылып, кылганын моюну менен тартышын тилеп, ошону менен күйүтүн басууга аракет кылып жатканы байкалып турду.

"Кыйнап өлтүрдү баламды, кыйнап өлтүрдү. Оор жаза бергиле. Менин гүлдөй баламды жеди".

Муккадам Нуралиева кызы Тахминаны үч айдан бери көрө элек болчу. Орусияда миграцияда жүргөн эне аны менен телефон аркылуу тынбай байланышып, сүйлөшүп турган. Кызы кайтыш болуп калганын ага мекенине келгиче угузушкан эмес, мурдагы күйөө баласы келип анын тынчын алып жүргөнүнөн кабардар болгон энеге ал ооруп, эс-учун билбей жатканын айтышканда эле Кыргызстанга жөнөгөн экен. Каргаша болордун алдында эле алар телефондон байланышкан, бул эне-кыздын акыркы сүйлөшүүсү экени, Тахмина мыкаачылык менен ажал табары анда эч кимисинин оюна да келген эмес.

“Дилшодбек келиптир. Орусияга алып кетем деп жатат деп байланышкан. “Балдарыңар кимге калат? Орусияга келип эмне кыласыңар?” десем, “бул турмушка чыгам деп жатат, ага дагы жок, мага дагы жок” деп кыйкырып коюп койду. Кийин чалсам эч ким албайт. Эки сааттан кийин эжем: “Тез жетип кел, Тахмина комада”, - деди. Өлдү дебеди. Келсем өлүп калыптыр".

Мукаддам Нуралиева

Жакындарынын айтымында Тахминанын мурдагы күйөөсү окуядан бир күн мурун Орусиядан келген. Алардын ажырашып, ара жолго түшкөнүнө төрт жылга аяк баскан экен. Ортодо бир уул, бир кызы бар.

“Бир күн мурун бычак көтөрүп келген экен. 5-январда кайра Орусияга билети бар экен. Мен “Тахмина, балдарды алып, эшиктерди жаап кетели. Бешинде кеткенче көзүнө көрүнбөй турабыз” дедим. Сиңдим ишенбеди. “Жок, сага адам өлтүрүш оңой бекен” деп койгон", - дейт маркумдун бир тууган эжеси Ситора Тешебаева.

Кандуу окуя болгон учурда дал ушул эжеси Тахминанын жанында болгон. Бирок анын шектүүгө күчү жеткен эмес. Ал көчөгө жардам издеп чуркап чыккандан кийин Тахмина бир нече жолу бычак жеген экен.

“Сиңдимди коё бер деп ага асылдым. Ал Тахминаны ордунан тургузду дагы сүйрөп, бөлмөсүнө алып кетти. Сиңдим чалынып жыгылды окшойт, бети менен түштү. Ал болсо үстүнө чыгып, артынан муунта баштады. Аркасынан чуркап барып жылыткыч менен бир койдум. Колума эмне тийсе ошону менен уруп жаттым. Аны тоготкон жок. Мага “жогол” деди. Колунан тарттым, артынан ургуладым, сүйрөп көрдүм. Тахмина ошол маалда эч үн чыгарган жок. Ошондо эле эсин жоготкон окшойт. Мен жардам чакырайын деп көчөгө чуркап чыктым. Бир машиненин алдына чыктым. Жашыраак бала экен. Бирге кирип баратсак, ал тепкичтин жанында туруптур, "киришпе, болду, пайдасы жок" деди".

Маркумдун жакындары Тахминага 11 жолу бычак сайылганын айтып жатышат. Окуяга чейин да маркум мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн жакындарына айтып жүрчү экен.

"Мага бир жолу күйөөсү башына катуу уруп, жарып салганын айткан эле. Ал талагын берип, булар бирге жашачу эмес. Расмий никеси дагы жок эле. Шарият боюнча да. Мыйзам боюнча да жубайлар эмес эле".

Келиндин энеси Мукаддам Нуралиеванын айтымында, шектүү кызы менен ажырашкандан кийин Орусияга кетип, эки жолу үйлөнгөн экен.

"Балдарым жетим болбосун, бирөөнүн колунда калбасын деп кызым турмуш курган жок. Мен өзүм кызым менен батирде жашачумун. Жер алалы деп, Орусияга иштеп кеттим эле. Бул бала акыркы жолу кеткенине 10 күн болгондо эле кайра кайтып келиптир. Эми эки неберем мага калды. Кандай кылам эми? Өзүмдүн балам жок, үйүм жок. Буларды кантип карайм?", - деп боздоп отурат Мукаддам Нуралиева. Ал өзү жолдошу менен эки башка жолго түшкөндөн кийин эки кызын жалгыз багып чоңойткон экен.

"Ажырашып, алиментке дагы бергенбиз. Аны да берип-бербей жүргөн. Алимент деле албай эле кой деп жаттым эле. Барып эки жыл жоголуп, үйлөнүп, акча да салган жок. Кийин пайда болуп калып ушуну кылганы".

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы. Манас шаары

Тахмина бычакталгандан кийин мурдагы күйөөсү милицияга өзү кабар берип, ошол эле күнү камакка алынып, “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө айыпталуучу келинди бычак менен бир нече ирет көкүрөк тушуна сайганы аныкталды. Азырынча шектүүнүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат катчысы Аселя Ниязова мындай маалымат берди. Ниязова билдирүүсүндө шектүүнү маркумдун күйөөсү деп атап жатат.

Аселя Ниязова

"Далил буюм катары бир даана аш бычак алынган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун күйөөсү - 1990-жылы туулган жаран 2026-жылдын 2-январь күнү Орусия Федерациясынан келгендиги, пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жубайынын көкүрөгүнө бир нече жолу аш бычак менен сайгандыгы маалым болгон".

Ошол эле маалда Тахминанын жакындары экөөнүн ажырашканына төрт жыл болгонун, нике күбөлүгү жок экенин, ага шарият боюнча талак да берилгенин кайталоодо.

Маркумдун эжеси сиңдисин зөөкүрдөн коргоп калуу үчүн милицияга телефон чалып, бирок эч ким менен байланыша албай койгонун да айтып берди. Облустук милиция, ИИМ мындай билдирүүгө комментарий бере элек. Адатта зомбулук фактыларына байланыштуу өз убагында аракет көрбөдү деген айып-сын милициянын дарегине арбын айтылат. Ички иштер органдары да коомдогу, соцтармактарда зомбулук тууралуу жана башка окуялар ачыкталып, талкуу кызыган учурда же кеч маалымат таратат.

Тахминанын окуясы өлкөдө үй-бүлө зомбулугунун арты өлүм менен бүткөн биринчи учур эмес. 23-декабрда эле Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованы жолдошу ажырашуу тууралуу арызы сотто каралган күнү атып салган. Келин туулган күнүндө ажал тапкан. Жибектин өлүмүнөн кийин ага коргоо ордери берилгени менен жетиштүү аракет көрбөдү деген негизде эки милиция кызматкери кармалган. Бир айга жетпей аялды өлтүргөн окуя кайра кайталанып отурат.