Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызматтан алынды

Курманбек Сокеев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы Курманбек Сокеев кызматтан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары жана департаменттин жетекчиси болуп 2025-жылдын апрель айынан бери иштеп келаткан.

Кыргызстанда аскерде кызмат өтөп жатып каза болгон окуялар утур-утур катталып жатат. 5-январда эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылындагы №10 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер өз жанын кыйган.

Жоокерди өзүнө кол салууга жеткирген деген айып менен 20 жаштагы аскер кармалып, Манас шаарындагы убактылуу кармоо жайына киргизилген. Аскер прокуратурасы тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Куликов компаниясы менен блогер Айтилек Орозбеков бири-бирин кечиргенин жарыялашты2025-жылы жабык жайлардагы кыйноо боюнча бир гана иш козголгонАкыйкатчы чет элдиктер кармалуучу жайга кире албай жатышканына тынчсызданууда Министр Кулубаев АКШ менен виза маселеси талкууланып жатканын билдирдиДепутат Талиева мыйзам долбоору боюнча Орунбековдун сынына жооп берди Айдоочулук күбөлүк алам дегендер эми 10-12 ай окуйтТрамп Иран демонстранттарды өлүм жазасына тартпай турганын айттыАк-Ордодо өспүрүмдү бычактоого шектелип эки адам кармалды