Рязанда дрон чабуулунан эки адам жаракат алды

Учкучсуз учак. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Рязань облусуна жасалган учкучсуз учак чабуулунан көп кабаттуу эки үй жабыркап, эки адам жаракат алганын аймактын губернатору Павел Малков билдирди.

Дрон сыныктары өндүрүш ишканалардын биринин аймагына түшкөнү да кабарланды.

Astra агенттиги дрон Рязандагы турак жай комплексинин бир үйүнө тийгенин ырастады.

"Орусия менен биргебиз" кыймылынын төрагасы Владимир Рогов украин армиясы Бердянскидеги электроподстанцияларга чабуул жасап, шаар жарыксыз жана суусуз калганын кабарлады. Ушундай эле маалыматты "Запорожье суусу" ишканасы билдирди. Украиналык Supernova+ каналы оккупацияланган Бердянскиде "Морозовская" подстанциясы күйүп жатканын жазды.

Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн Орусия дайындаган "башчысы" Евгений Балицкий Бердянск, Васильевск, Приморск муниципалдык аймактарында жана Бердянск шаарында жалпы 76 миң абонент жарыксыз калганын билдирди. Социалдык объекттерге кошумча жолдор менен электр энергиясы берилип жатканын өзүнүн Телеграм каналына жазды.

Орусия 16-январга караган түндө тогуз аймагынан жана аннексияланган Крымдын үстүнөн 106 учкучсуз учак жок кылынганын, ал эми Рязан облусунда 22 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украина бул маалыматтарды комментарийлеген жок. Согуш учурунда маалыматтарды тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырдыМамлекеттик басма сөз каражаттары бириктирилдиАшууларда жол ачык, каттам барСот бийликти басып алууга айыпталган саясатчыларды камакта калтырдыБыйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот