Ушуну менен шаардын негизги аянттарында акция өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады. Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келет. Президент Садыр Жапаров жыл соңунда Бишкекте өткөн Элдик курултайда бул маселеге байланыштуу комментарий берип, нааразылык акциясына чыгууну каалагандарга тыюу жок экенин айткан.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын 1-январынан 31-мартына чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүүнү өтүнүп, ушул эле райондун администрациясы кайрылган. Сот чечимди өткөн айда, 31-декабрда чыгарганы белгилүү болду.
Райондук администрация буга чейин мындай чечим шаар тургундарынын арызынан улам кабыл алынганын билдирип келген.
Биринчи май районунун аймагында өлкөнүн негизги мамлекеттик мекемелери жайгашкан.
Райондук сот 2022-жылы март айында Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган. Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да акция өткөрүүгө чектөө киргизилген. Бул чектөөнүн мөөнөтү ошондон бери улам узартылып келатат.
Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.
Укук коргоочулар ар бир адамдын укугу Конституция менен корголуп, ал өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин белгилеп, соттун чечими менен тынч жыйындарга тыюу салуу Баш мыйзамга туура келбей турганын айтып жатышат. Алардын бири Рита Карасартова тыюу салуу утуш эмес, өлкө үчүн жоготуу деп эсептейт:
Рита Карасартова
"Негизинен чогулуп, пикирлерин талдап, ушул маселеге биз нааразыбыз деп чыгуу укугу Конституцияда белгиленген. Ошондуктан аны чектөө акылга сыйбаган нерсе. Азыр аны "бийлик басып алуу" деп айтып жатышат. Бийлик шайлоо жолу менен алмашыш керек да, ал эми митинг, чогулуштар жок жерде революциялык жол болуп кетиши ыктымал. Митинг-пикеттер ошону алдын алат, бул деле ичиндеги букту чыгара турган нерсе да. Экинчиден, бийлик кайсыл жерде көйгөй болуп, кайсыл жерде туура эмес болуп жатат деп мониторинг жүргүзбөй эле элдин көтөргөн маселесинен тыянак чыгарып, талдап турса болмок. Бул бийликтин өзүнө эле жакшы болмок. Адамдар деле чыгардын алдында маселени талкуулап, ойлонуп, талдап, анан чыгат, дароо эле чыга калбайт. Азыр көчөдө тынч болуп, Фейсбукта баары сонун деген пикирлер болгону менен бул чындыкты чагылдырбайт да. Бийликти сындоо азыр бийликти басып алуу менен барабар болуп калды. Ошондуктан эч ким жазбай калды. Мисалы "эртең мен митинг кылам, Горький сейил багында" деп кабарлаганы үчүн митингге эки күн калганда Автандил Жоробеков камалып кеткен. Ал эми биз согушка каршыбыз деп, улуттарды, мамлекеттин атын дагы айтпай чыксак эле кармап кетишкен. Сынды айткыла дешет, сын айтсаң лингвистикалык, политологиялык, психологиялык корутунду менен камап жатат. Анан кантип сындаш керек?! Ошондуктан тынч-митингдерге тыюу салуу Кыргызстан үчүн, адамдар үчүн дагы чоң жоготуу".
2024-жылы Бишкектеги Ленин райондук соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып кылмыш иши козголгон жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салган.
Жоробеков Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 1-бөлүгү (“Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен”) менен күнөлүү деп табылган. Активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага алгач “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Жоробеков тууну алмаштырууга каршы ар кандай акцияларды өткөрүүнү демилгелеген. Кийин 2024-жылы 15-июнда үй камагына чыккан.
Тынч митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөгө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын Конституцияда жазылган тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет.
Былтыр Freedom House (FH) эл аралык уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында калтырган. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Уюмдун быйылкы баяндамасы жарыялана элек.
Дагы караңыз
Freedom House Кыргызстанды бешинчи ирет "эркин эмес өлкө" атадыМурдагы акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун мындай чектөөлөр менен өлкөнүн Баш мыйзамы жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын талаптары бузулуп жатканын белгилөөдө:
Турсунбек Акун
"Соттордун бардыгы жогорку бийлик эмнени айтса аткарып, мыйзамды бузуп жатышат. Конституциянын 39-беренесинде "Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес. Тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылуу максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлама берүүгө укуктуу" деп турат. Алдын ала кабарлап же чалып коюп эле өткөрө берсе болот. Бизде азыр Горький багына бар дейт. Ал жерде ким көрөт? Маселени ким чечет? Укуктарын ким бузса, ошого жараша акция өткөрөт да. Мисалы, Ак үй, Өкмөт үйү, Жогорку Кеңеш же УКМК жана башка. Ошол жактан өкүл чыгып, маселени талкуулап, бир чечимге келишет. Азыр Горькийге дагы чогула албай калышты. Авторитардык режимге баратабыз, пикетке чыккандарды камап атат. Элдин үнү угулбай калды. Конституциянын 4-5-беренеси, Адам укуктары боюнча декларациянын "ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу деген 18-19-беренелери бузулуп жатат".
Анткен менен президент Садыр Жапаров жана Кыргызстандын башка расмий жетекчилери өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин, авторитардык башкарууга жол берилбей турганын кайталап, жарандык активисттердин, журналисттердин жоопкерчилиги жана тактыгы тууралуу маселени көтөрүп келишет.
Жапаров 2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн Элдик курултайда бул маселеге байланыштуу комментарий берип, нааразылык акциясына чыгууну каалагандарга тыюу жок экенин, алар Максим Горький атындагы бакчага чогула берсе болорун айткан. Бийликти мактабай, ачык сын-пикир билдирүүгө чакырган:
Садыр Жапаров
"Митингдерге такыр тыюу салган эмеспиз. Горький деген аянт бар, ошол жерге суткалап жатып алып эмнени айтам десеңер айта берсеңер боло берет. Бирок жалган, калпты айтпагыла. Элди көтөрүлүшкө чакырып, эки улутту, регионду бири-бирине кагыштырбагыла, калганын кыла бергиле. Америкада деле БУУнун үйүнүн жанынан жер бөлүп берген, күнү-түнү дебей кыйкырып митинг кылып жүрүшөт. Бизде деле кыла бергиле. Ак үйдүн, соттордун, прокуратуранын алдыларына тыюу бар, ал эми Горький багына эч кандай тыюу жок".
2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда сүйлөп жатып Жапаров Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирип, сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.
"Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем", - деген Жапаров.
Дагы караңыз
Адам укугу: Кыргыз бийлиги булганган абага, эл аралык уюмдар эркиндиктин чектелишине кабатырБылтыр 24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевада өткөн кезектеги 58-сессиясынын жыйынында сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Кыргызстан сөз эркиндигин жана тынч митингдерге чогулуу эркиндигин камсыздоого толук дилгир экенин” билдирген. Ошондой эле ал Кыргызстанды “ар кимдин үнү угулган, жарандык коому активдүү, атуулдары саясий жана коомдук талкууларга эркин катыша алган” өлкө деп сыпаттап, муну менен сыймыктана турганын кошумчалаган.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жарандардын эркиндигин чектеп, коркутуу өлкөнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет деп эсептейт:
Төлөкан Исмаилова
"Мени кейиткени мурункудан сабак албай, жарандарды чектеп, коркутуу менен өлкө жакшы өнүгө алган жок. Мисалы, Молдовада жарандарын, өкмөтүн сыйлап, чогуу-чаран жакшы иштерди жасап жатышат. Ошондо деле атуулдук көзөмөл процесси тынбайт, журналисттерди угуп, акылдашып турат экен. Ар бир бийликтин тушунда жергиликтүү бийлик жакшы иштеш үчүн жарандар сынчыл көз караш менен айтып турса, өнүгүүгө жардам болот эле. Тынч митингдер боюнча биздин талаптар Конституциялык сотко чейин жетип, ошондо дагы толук жооп ала албай жатабыз. Кыргызстанда экономикалык жактан жакшы ийгиликтер бар. Бирок жарандык коомду сыйлап, диалог башталышы керек, мен ошого үмүттөнөм".
"Бир дүйнө - Кыргызстан" Кыргызстандын жогорку бийлигине кайрылып, жарандардын тынч митингдерге чогулуу боюнча конституциялык укугу бузулуп жатканын, өлкө адам укуктарын сактоо боюнча эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга тийиштигин эскерткен.