Бишкекте окуучуну урган мугалим окуя боюнча түшүндүрмө берди

Окуучуну чапкан мугалим.

Бишкектеги №87 мектепте окуучуну уруп-соккон мугалим окуя тууралуу түшүндүрмө берди. Ал 16-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын №7 милициянын шаардык бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Кыргыз тили сабагынан берген мугалим окуя 14-январда болгонун, окуучуга теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай ал жооп бере албай койгондуктан ачууга алдырып чаап жибергенин айтты. Буга байланыштуу баланын ата-энесинен кечирим сурады.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кабарлады. Окуучунун ата-энеси мугалимге каршы арыз жазуудан баш тарткан.

Окуяны Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинде түзүлгөн комиссия да иликтеп жатат.

15-январда социалдык тармактарда борбор калаадагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда мугалим окуучуну “сабакты билбейсиң” деген негизде жаакка чапкылап, уруп-согуп жатканы тартылган видео тараган. Коомчулукта мугалим сынга кабылды.

Кыргызстанда буга чейин да мугалимдер окуучуларды сабаган окуялар катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиядан кармалып келген Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп чыктыМөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы киргизилетАКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдүТүштүк Кореянын экс-президенти Юн Сок Ёл бир иш боюнча беш жылга кесилдиСот бийликти басып алууга айыпталган саясатчыларды камакта калтырдыРязанда дрон чабуулунан эки адам жаракат алдыАКШ санкция тизмесине Ирандын беш аткаминерин киргизди