Мияровго карата көп аялдуулукка байланыштуу козголгон иш сотто каралууда

Мирбек Мияров. Сүрөт анын соцтармактагы баракчасынан алынды

Президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияров Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен айыпталууда. Ага козголгон иш боюнча соттук териштирүү Бишкектин Октябрь райондук сотунда жүрүп жатат.

Маалыматты Бишкек шаардык сотунун коомчулук менен байланышуу кызматкери Айсулуу Жаасынова ырастап, иш Октябрь райондук сотунда каралып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Мирбек Мияровго 1-декабрда Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен кылмыш ишин козгогон. Буга мурда аны менен жарандык никеде турган Хабиби Уланова аттуу келиндин арызы себеп болгон.

Келин “Настоящее время” телеканалына курган маегинде Мияров менен үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, нике кыйганын, баласы оорулуу экенин билгенден кийин күйөөсү андан баш тартып, каралашпай кеткенин айтып берген.

Экс-губернатор өзү бул боюнча быйыл 6-январда комментарий берип, Уланованын айткандарын "жалган жалаа" деп атаган. Тескерисинче анын "алдамчылык торуна" илинип калганын, баласынан баш тартпай, каралашып келгенин, мыйзамдуу жубайы менен чогуу баланы асырап алуу үчүн сураганнда бирок Уланова бербей койгонун айткан.

42 жаштагы Мирбек Мияров 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2021-жылы "Ордо" партиясы менен парламенттик шайлоого ат салышкан.

Декабрдын аягында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган. Анын кызматтан кетүү себебине расмий түшүндүрмө берилбегени менен, кийинчерээк кош никесине байланыштуу иштен алынганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда буга чейин дагы экинчи аял болуп турмушка чыгып басымга кабылганына же күйөөсү үстүнөн аял алганына даттангандар болгон. Бирок алардын канчасынын арызы сотко жеткени белгисиз.

Январда интернетте өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин "мыйзамдуу жубайымын" деп тааныштырган Батма Ормонованын видео кайрылуусу жарыяланган. Ал 38 жылдан бери чогуу жашап келаткан күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн, коопсуздугу коркунучта экенин айтып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган, Бердиев өзүнүн үстүнө он жолу аял алганын айткан.

Бул кайрылуудан кийин 11-январда 60 жаштагы экс-депутат кармалып, камалган. Ички иштер министрлиги 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганын, анын аялынан да үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Министр окуучуну чапкан мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн айттыБишкекте вебкам уюштурууга шектүү бир нече адам кармалдыНурай артынан түшкөн кишинин колунан каза тапты “Терезеден секирип, сыртка чыктык”. Камчаткада кар үч метрге жеттиБарселонага жакын жерде поезд кырсыктап, бир адам көз жумдуДепутат реформадан кийин 50 миңдей адамды он чакты кызматкер тейлеп жатканын айтты