Москвадагы экинчи Батыш аймактык аскердик соту Орусиянын 2022-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен "Москва" крейсери украин армиясынын чабуулуна кабылганын, жыйынтыгында 20 адам мерт кеткенин аныктады.
Соттун басма сөз кызматы бул маалыматты жарыялап, бирок кийинчерээк алып салганын "Медиазона" жазды.
Алынып салынган маалыматта сот крейсердин чөгүшүнө байланыштуу өкүм чыгарганы жазылган. Ага ылайык, украин Куралдуу күчтөрүнүн 406-артиллериялык бригадасынын командири Андрей Шубин сыртынан эл аралык терроризмге айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.
Орусия тергөөсүнүн божомолуна караганда, Шубин Кара деңиздеги Жылан аралынын жанында "Москва" крейсерине жана "Адмирал Эссен" фрегатына ракета менен чабуул коюуну буйруган, аталган фрегат андан мурдараак да бутага алынганы айтылат. Сот ошондой эле украин аскеринен 2,2 миллиард рубль төлөтүү токтомун чыгарган.
Маалыматта сот алгачкы жолу "Москва" крейсери ракета чабуулуна кабылганын мойнуна алды деп белгиледи "Медиазона". Билдирүүдө ошондой эле крейсер чөккөндө набыт болгондордун тек-жайы расмий көрсөтүлүп, "жарылуудан, өрттөн жана ис түтүндөн экипаждын 20 мүчөсү мерт кеткен" деп жазылган. Ошондой эле 24 моряк түрдүү жаракат алганы, кеме сууда бир нече саат кармалып турганына карабай сегиз адам дайынсыз жоголгону белгиленген. "Адмирал Эссен" фрегатына урулган соккудан бир адам жаракат алган.
Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы саналган "Москва" крейсери Украина менен согушта колдонулган. Украин армиясы жана Пентагон 2022-жылы жазында кеме украин ракеталарынын соккусунан кийин чөккөнүн билдиришкен. Орусия тарап муну четке кагып, крейсердин чөгүп кетиши ок-дарылардын жарылышына алып келген өрттүн кесепетинен болгон деп ырастап келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги башында крейсердин экипажы толугу менен эвакуацияланганын айтса, кийинчерээк 27 аскер кызматкери дайынсыз жоголгонун маалымдаган.
Кемеде набыт болгондордун айрымдары аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокерлер болгон.
"Москва" крейсеринде набыт болгондордун так саны белгисиз эле.