Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Президент айдоочулук күбөлүктөрдү убактылуу акысыз алмаштыруу жөнүндө жарлык чыгарды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Өнөктүктү өткөрүү Кыргызстандын жарандары үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт.

Садыр Жапаров 20-январда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу өнөктүгү жөнүндө түшүндүрмө берген. Ал мурда Кыргызстандын паспорттору, ID-карталары, айдоочулук күбөлүктөрү жана башка документтери чет жактан чыгарылып жүргөн маалда коргоо элементтери алсыз болгонун, ошондуктан анын көбү жасалма болуп кетип, Кыргызстандын аброюна шек келтиргенин билдирген. Мамлекет башчы былтыртан тартып басып чыгаруу “Учкун” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлүп жатканын, документтер жаңыланышы керектигин айткан.

Мурдараак 2009-жылдан 2012-жылга чейин берилген мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөргө 2027-жылга чейин мөөнөт коюлган эле. 2025-жылдын соңунда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк жоюлары, аны 2026-жылдан тарта он жылдык мөөнөткө берилүүчү күбөлүккө алмаштыруу өнөктүгү башталары жарыяланган.

Былтыр декабрда жана быйыл январдын башында тиешелүү мекемелерге мөөнөтсүз күбөлүгүн алмаштыруу үчүн баргандардын кезеги узарып, талаш-тартыш күчөгөн.

Айдоочулар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу учурунда көбүнчө №083 формасындагы медициналык маалымкат алууга бир нече күндөп убакыт кетирип жатканын айтып, нааразылыгын билдиришкен. Былтыр сентябрь айында бул маалымкат үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелерине күнүнө 500дөй адам кайрылса, декабрь айында алардын саны үч миңден ашкан.

Мунун фонунда “Түндүк” ишканасын жана “Учкун” ишканасын караган Президенттин иш башкармалыгы эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн №083 медициналык маалымкат жоюлганын жар салган.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алуу үчүн быйыл 15-январдан 15-февралга чейин убакыт берилген. Кийин бул мөөнөт дагы узартылганы маалымдалды. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG