Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Ошто милиция кызматкери чет элдиктерди "калкалаган" деген шек менен кармалды


Пара алууга шектелип кармалган милиция кызматкери (ортодо).  УКМК тараткан сүрөт.
Пара алууга шектелип кармалган милиция кызматкери (ортодо). УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын катышуусунда Ош шаардык милициясынын инспектору У.О.Ш. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, милиция кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ошто иштеген чет элдик жарандарга дайым кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган.

Ал чет элдиктердин жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, алардан “калкалоо” үчүн ай сайын 5000 сомдон 20 000 сомго чейин акча алып турган. Чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартышса айып пул салып, “депортация кылам” деп коркутуп жүргөн деп шектелүүдө.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды жана ошондой эле бөлөк фактыларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG