Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери иши токтоп калганын билдиришти. Өлкөнүн жер-жерлеринен келген ишкерлер 26-январда Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.
Алар 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын, бул мыйзамсыз экенин айтышты. Чогулгандар окуунун жаңы программасы, менчик автомектептердин тагдыры кандай болору тууралуу так чечим жок экенине, алган лицензиялары жарактуу туруп иши токтоп калганына нааразы болушту. Алар лицензия мыйзам бузууларга байланыштуу соттун чечими менен гана алынарын айтып жатышат.
Реформаны ишке ашырып жаткан президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул дооматтарга Фейсбуктагы баракчасында жооп берди. Ал мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутарын, февраль айынын орто ченинен тартып жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык жаңы окутуу планы менен курсанттар кабыл алына баштарын жазды. Ал буга чейин “Ынтымак ордодо” жеке автомектептердин жетекчилери менен жолугушууда эскертүү берилгенин, бул жааттагы реформа жол кырсыктарын азайтуу, айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупцияны жоюуга багытталганын билдирди.
Ал эми менчик автомектептердин ээлери курсанттарды кабыл албай туруу боюнча сунуш гана берилгенин, анын юридикалык күчү жок экенин жүйө кылып жатышат.
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилгени кабарланган. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.
Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы бекитиле элек.
“Автомектептер ассоциациясынын” мүчөлөрү 12-декабрда да маалымат жыйын өткөрүп, анда 80ден ашуун жеке автомектеп ээлери президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Алар айдоочуларды окутуу мөөнөтүн узартууну 1-сентябрга чейин жылдырууну суранышкан.
Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (BTo)