Мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап алды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жаңы гимндин үч варианты сынактын 2-айлампасына өтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген.
Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети бул варианттарды карайт.
Былтыр 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия текстке жиберилген беш вариант тандалып алынганын, ал тексттердин музыкасы үчүн кайра сынак жарыяланарын билдирген. Апрель айында аталган министрлик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыялаган. Анда комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, талаптарга толук жооп бербейт деген бүтүмгө келген. Сынактын жобосу өзгөрүп, биринчи этапта гимндин тексти тандалып, экинчи этапта ага музыка жазылат деп чечилген. Анда 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөнү, анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Жалпы эки сынакка 900дөй текст жиберилген.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Бул сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия экинчи куплеттеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон.(EBM/ZKo)