ТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий берди

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда 3 жыл 3 айга соттолгон Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковдун иши боюнча комментарий берди.

Тышкы саясат мекемеси ал 2025-жылы кармалып, 2026-жылдын 22-январында эркинен ажыратылганын, кармалгандан баштап Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери аны менен байланыш түзүп, зарыл болгон консулдук жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады. Бирок ал эмне иш менен соттолгонун тактаган жок.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматында Сергей Жарновников Америкада жасалган 1,5 млн доллардан ашык суммадагы курал-жаракты Кыргызстан аркылуу Орусияга мыйзамсыз экспорт кылып турганы аныкталган. Сергей Жарновниковдун АКШда туруктуу жашоого укугу жок болгон жана соттун өкүмүнөн кийин мекенине депортация болот.

Иштин материалдарына ылайык, ал Бишкекте катталган компаниясы аркылуу 2020-жылдын март айынан баштап 1,58 млн долларлык куралдарды жана ок-дарыларды Орусияга аткезчилик менен чыгарган. Шектүү 2025-жылы 18-январда жубайы менен Кыргызстандан Лос-Анжелестеги аэропортко учуп барган. Андан ары Shooting, Hunting and Outdoor Trade (SHOT) жарманкесине катышуу үчүн Невада штатындагы Лас-Вегас шаарына жөнөгөн. 24-январда дал ушул жарманкеге барган учурда кармалган.

Маалыматка караганда, Сергей Жарновников экспорт көзөмөлүн кыйгап өтүү үчүн татаал схеманы колдонгон. Ал америкалык компаниядан алган жарым автоматташтырылган куралды Нью-Йорктогу John F.Kennedy (JFK) эл аралык аэропорту аркылуу ташыганы аныкталган. Ага “курал-жаракты Орусия өңдүү тыюу салынган өлкөлөргө аткезчилик менен ташып, өлкө мыйзамдарын бузган” деген кине коюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Еврошаркет менен Индия тарыхый соода келишимине кол коюшту ЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты Министрлик Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар катталбаганын билдирдиДекларация тапшырбаган же туура эмес маалымат бергендерге 13 млн сом айып салындыСыдыков Жумгал, Ак-Талаа, Чоң-Алай райондорунда бир да адвокат жок экенин айтты"Элит-Строй-Ситинин" жетекчилигине Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлду