Ош облустук административдик сотунун үч кызматкери кармалды

Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облустук административдик сотунун үч кызматкери (О.Н.О., А.у.Б. жана К.у.Б.) кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, алар документтерди жасаган жана соттун аппаратына жок эле адамдарды кызматка орноштурган деп шек саналууда. Тергөөдө шектүүлөр айлык үчүн түшкөн каражатты өздөрү алып жүргөнү аныкталган.

УКМК бул мыйзамсыз иштен мамлекетке көп суммада материалдык зыян келтирилип, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кеткенин кошумчалады.

Бул фактыга байланыштуу атайын кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери тергөө абагына киргизилди.

Жогорку сот жана кармалгандардын жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий бердиЕврошаркет менен Индия тарыхый соода келишимине кол коюшту ЖК комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты угуп, баарын четке какты Францияда 15 жашка чейинки балдарга соцтармак колдонууга тыюу салган жобо жактырылдыМинистрлик Кыргызстанда Нипах вирусун жуктургандар катталбаганын билдирди