ИИМ: Үч жылда Кыргызстанда видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 3 миңдей киши табылды

Көзөмөл камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын ноябрынан берки аралыкта Кыргызстанда издөөдө жүргөн үч миңдей адам кармалганын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Алмаз Батырбаев Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Анын айтымында, колго түшкөндөр арасында эл аралык издөөдө жүргөндөр да бар:

"Өлкө аймагында коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн үч миңдей камера орнотулган. 2025-жылы жалпысынан 6 миңден ашуун тартип бузуу катталды. Ар бир факты боюнча маалыматтар аймактык бөлүмдөргө андан ары чара көрүүгө жиберилген. Белгилей кетүүчү нерсе, биздеги көзөмөл камералардын "издөө" функциясы 2022-жылдын ноябрынан бери иштеп келе жатат. Бул аралыкта камералар аркылуу издөөдө жүргөн 3 миңдей адам табылган. Булардын арасында кылмыш же башка жоопкерчилиги үчүн издөөдө жүргөн адамдар, ошондой эле дайынсыз жоголуп, туугандары издеп жүргөн жарандар да бар. Мындан тышкары биздин камералар аркылуу кармалган кылмышка шектүүлөрдүн арасында эл аралык издөөгө алынган адамдар да болгон".

Алмаз Батырбаев президенттин тапшырмасы менен өлкөдө быйыл "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында дагы 20 миңдей көзөмөл камерасы орнотуларын, алардын басымдуу бөлүгү туристтик аймактарга, кылмыш жана тартип бузуулар көп катталган жерлерге коюларын айтты.

"Коопсуз өлкө" долбоору былтыр июнь айында башталган. 2026-жылы аталган долбоордун алкагында жалпы Кыргызстан боюнча 20 миң видеокамера орнотулуп, министрликтин борбордук тутумуна кошулат.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда мигранттардын балдары бир жылда дээрлик 25% азайганы кабарландыСпикер Тургунбек уулу баалардын кымбатташынан улам өкмөттүн ишин сындадыОрусия Киев облусунда көп кабаттуу үйгө сокку уруп, эки адам мерт кеттиМамлекеттик автомектептерде окуунун баасы 19 миң сом деп бекитилдиПрезидент Жапаров менчик автомектептердин ээлерине жооп берди