Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бийлигинен миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктары тебеленишине жол бербөөнү талап кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай талапты тышкы иштер министринин орун басары Олимжон Абдуллаев 26-январь күнү Орусиянын элчиси Алексей Ерховду кабыл алган учурда койгон.
Жолугушууда тараптар Орусияда иштеп жүргөн өзбекстандык жарандардын укугу тууралуу талкуулашкан. Сүйлөшүүгө Өзбекстандын Орусия аймактарындагы башкы консулдар, ошондой эле Орусиянын консулдук бөлүмүнүн, миграциялык кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.
"Өзбек тарап миграциялык текшерүүлөр жана рейддер учурунда Өзбекстандын мыйзамга баш ийген жарандары менен катар эле миграция мыйзамдарын бузган жарандарынын да адамдык намысы жана укуктары бузулушуна жол берилбешин баса белгиледи", - деп жазылган маалыматта.
Тараптар кызматташтыкты бекемдөө жана жакшыртуу үчүн такай консулдук кеңешмелерди, эки жактуу жолугушууларды өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешкен.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандагы бул жолугушуу тууралуу эч кандай маалымат берген жок.
Өзбекстан ТИМинин орун басары менен Орусия элчисинин жолугушуусу президент Шавкат Мирзиёев чет өлкөлөрдөгү өзбек жарандарынын укуктары бузулушуна кабатырлыгын ачык билдиргенден кийин болду. 15-январь күнү жыйында өзбек лидери коомчулук сыртта иштеген мигранттардын укуктары түрдүү рейддер учурунда бузулуп, ал эми ТИМ расмий нота менен гана чектелип жатканына нааразылык күч алганын билдирген.
"Элчилер жана консулдар ар бир окуяга байланыштуу квалификациялык укуктук жардам көрсөтүп, чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү", - деген Мирзиёев.
Өзбекстан президенти элчилер "кабинеттик дипломатиядан" баш тартып, мекендеш мигранттар иштеген курулуш аянттарына, жашаган жатаканаларга, окуган окуу жайларга барып, алардын көйгөйлөрүн угуп, чечүү жолдорун издеши тийиштигин эскерткен.
Орусияда акыркы жылдары миграциялык саясат катаалдашып, мигранттардын жашоосу оорлоду. "Азаттык Азия" буга чейин да орусиялык күч органдарынын өзбек жарандарына текшерүү же рейд учурунда кысым көрсөтүүсү, Украинадагы согушка азгыруусу күч алганын жазган.