Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Орусия-Украина маселесинде Кыргызстан үчүн нейтралдуу позицияны тандоо оор чечимдердин бири болгонун билдирди.
Бул тууралуу ал 28-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында президент Садыр Жапаровдун бийликке келгенинин беш жылдык мөөнөтүнө байланышкан талкууда айтты.
“Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Алар “биздикилер же экинчи тараптагылар” деп бөлүп башташты. Ошого карабай биз нейтралдуу позицияны карманып, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүп келатабыз”, - деди ал.
Амангелдиев АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берди деген негиз менен Кыргызстандагы айрым ишканаларга жана банктарга салган санкциялары "туура эмес" экенин кошумчалады.
Андан тышкары расмий Бишкек эч качан согушту колдобой турганын айтып, “Кыргызстан курал-жарактардын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербейт, себепчи да болбойт” , - деди.
Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. (BTo)