Азиянын бир катар өлкөлөрүндө Нипах вирусуна байланыштуу санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бангкоктогу эл аралык аэропорт. Тайланд, 25-январь 2026-жыл

Индиянын Батыш Бенгалия аймагында адам баласы үчүн өтө кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга байланыштуу Азиянын бир катар өлкөлөрүндө санитардык көзөмөл күчөтүлдү.

Тайланддын үч аэропортунда Батыш Бенгалиядан келген жүргүнчүлөр текшериле баштады. Ал жактарда адамдын дене табын өлчөгөн сканерлер орнотулду.

Непал аба майдандарынан тышкары Индия менен чек ара пункттарынан өлкөгө киргендерди толук текшерүүдө.

Январдын башында Индияда медициналык беш кызматкер вирусту жуктуруп алганы, бирөө оор абалда жатканы кабарланган.

Бирок Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 28-январда билдиргендей, декабрдан бери Батыш Бенгалияда Нипахтын эки учуру катталды. Алар менен контактта болгон 196 киши аныкталып текшерилгенде, алардан оорунун белгилери табылган жок. Министрлик жалган маалыматтын, жоромолдордун тарап жатканын сындады.

Вирустун негизги табигый булагы - жарганаттар (канаттуу жарганаттар). Ал жаныбардан адамга жугушу мүмкүн. Вакцинасы жок болгондуктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча 40% - 75% учурларда өлүмгө учуратышы ыктымал.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бийликтери да чек араларда санитардык-карантиндик көзөмөл чараларын күчөттү.

Шейшембиде Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Нипах вирусун жуктуруп алган адамдар катталбаганын, “эпидемиологиялык абал туруктуу” экенин билдирген.

Дагы караңыз

CSIS: Орусия менен Украина согушта 2 миллиондой жоготууга учурады "Медициналык жардам боюнча талап аткарылбай жатат". ЕАЭБдин соту мигранттар көйгөйүн чече алабы?Садыр Жапаровдун бийликтеги беш жылы: ийгиликтер, ара жолдо калган убадалар