19-январда Кабулдун чок ортосундагы кытай ресторанында жасалган жардырууда бери дегенде жети киши өлүп, 13 адам жараат алды, анын ичинде кытай жарандары да болгон. Кандуу кол салууну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун аймактык канаты "Ислам мамлекети - Хорасан" ("Вилаят Хорасан") өз мойнуна алган. Экстремист топ тараткан билдирүүдө Бээжиндин Шинжаңдагы саясатынан улам "кытай жарандарын бутага алынгандардын тизмесине киргизгенин" жарыялайт. Шинжаңда кеминде 1 миллион уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктары жапырт кайра тарбиялоо лагерлерине камалганы маалым.
"Кытайды мусулмандардын душманы деп санаган экстремисттик жихадчылар "Талибан" бийлигинде да ээн-эркин жүрүп, активдүү бойдон калууда. Мындан улам Кытай өз жарандарын коргоо үчүн коопсуздук чараларын дагы да күчөтүүгө аргасыз болот", - деди Ооганстан боюнча эксперт жана Белфасттагы Куинс университетинин профессору Майкл Семпл "Азаттыкка".
Дагы караңыз "Кытайлыктарга кол салуу талибдердин алсыздыгын көргөзөт"Ооганстанда кытай жарандары жабыркаган кандуу чабуулдар, анын ичинде "Вилаят Хорасандын" карасанатай кол салуулары буга чейин да болгон. Бирок соңку жардыруу, аналитиктердин пикиринде, Бээжиндин оогандарга инвестиция салууга болгон даярдыгын азайтууну көздөп, ошол эле маалда коңшу Пакистан жана Тажикстандагы кытай кызыкчылыктарына каршы жасалган бир катар чабуулдарга дагы дал келди.
2021-жылы "Талибан" Ооганстанда кайрадан бийликти басып алгандан бери эле "Вилаят Хорасандын" жоочулары менен кагылышы токтой элек. Анткени экстремисттик топтун аймактык халифат түзүү максаттары "Талибандын" башкаруусуна тикелей коркунуч катары бааланат.
""Вилаят Хорасан" ар кандай коркунучтар менен кытай компанияларынын Ооганстанга инвестиция салуусуна, ишкердик жүргүзүүсүнө жана жаратылыш байлыгын казып алуусуна каскак болууну көздөйт. Аны менен катар эле "Талибанды" алсыратууну максат кылат", - деди террордук ишмердүүлүктү иликтеген Tech Against Terrorism тобунун аналитиги Лукас Уэббер "Азаттыкка".
"Талибан" менен "Вилаят Хорасандын" ортосундагы отто калган кытайлар
Бээжин "Талибан" кайрадан бийликке келгенден бери өкмөттү расмий тааныбаса да анын эң маанилүү дипломатиялык жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бирине айланды. Бул мамиле кытай жарандары Ооганстанда инженерлерден тартып ресторан ээлерине чейин жеткенинен ачык көрүнөт. Аны менен катар кытайлар Ооганстандагы коопсуздуктун алсыз жерлерин аңдыган "Вилаят Хорасандын" жоочулары үчүн таамай бутага айланды.
Дагы караңыз Ооганстан-Пакистан чыңалуусу Бээжинге кандай таасир этет?Семпл белгилегендей, экстремисттик топ кытай жарандарын бутага алуу менен "Талибан" бийлигинин "жоочуларды Ооганстандан сүрүп чыгарып, алсыратуу аракеттерине карабастан дагы эле кандуу чабуулдарды жасай аларын" далилдегиси келип жатышы мүмкүн.
Соңку кол салуу "Талибандын" Ооганстанда "Ислам мамлекетинин" мизи кайтты" деген жүйөсүнө шек туудурду.
2024-жылдын апрелинде "Талибандын" маалымат катчысы Забихулла Мужахид улуттук радио жана телеберүүнүн эфирине чыккан аудио билдирүүсүндө "Вилаят Хорасандын" шайы ооп, Ооганстанда коркунуч жаратпай калганын айткан.
Дагы караңыз Кабулдун соода жолдору. Пакистандын көзүн караган Ооганстан Борбор Азияга ооп туратСаясий аналитик Сами Юсафзай "Талибандын" мындай жарыясы жарым-жартылай чындыкка коошуп турганына токтолот. Анткени учурда "Вилаят Хорасандын" жоочуларынын "Ооганстандын ичинде базалары жоктугунан улам байма-бай чабуул жасай албайт" деп баалайт.
Экстремисттик топ ошондой эле Пакистан жана Тажикстанда да активдүү болуп, ал тарапта да кытай жарандарын бутага алган. Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы былтыр ноябрдагы эки жолку кол салууда беш кытайлык жумушчу каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.
Тажик бийлиги кандуу кол салуулар Ооганстандын аймагынан жасалганын билдирсе, ал эми "Талибандын" тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки Тажикстан менен биргелешкен тергөөдө кызматташууга убада берди.
Кол салууларга удаа эле атын атабоону өтүнгөн "Талибандын" өкмөт өкүлү "Азаттыктын" ооган кызматына коопсуздук күчтөрү жакында тажик чек арасына жакын өлкөнүн түндүк тарабындагы "Вилаят Хорасандын" жашыруун базасына чабуул койгонун айтып берген. Ал операция ноябрдагы кытай жумушчуларына жасалган кол салуулар менен байланыштуу экенин белгилеген.
Аймактык коркунуч
"Ислам мамлекети - Хорасан" ("Вилаят Хорасан") экстремисттик тобун 2015-жылы пакистандык "Талибан" жоочулары түптөгөн. Аны Пакистандагы "Талибандын" мурдагы командири Хафиз Саид Хан жетектеген. Экстремисттик топ андан кийин Ооганстанга дагы өткөн.
Жоочулардын тобу Ооганстанда буга чейин дагы кытай жарандарын бутага алган чабуулдарды ишке ашырган. 2022-жылы Кабулдагы кытайларга таандык мейманканада жардыруу уюштурган. "Талибан" кайрадан бийликке келгенден бери жоочуларды өз катарына имерип, азгыруунун жолдорун күчөткөн.
Дагы караңыз Отунбаева: Ооган аялдарынын абалы оор, элине жардам бериш керек"Талибан" Кабулда бийликти басып алардан мурун "Вилаят Хорасан" менен байланышы бар ар кандай маалымат булактары Кытайды сындаган, коркуткан видеолорду, китепчелерди жана онлайн плакаттарды чыгарышкан. Бул ишмердүүлүк негизинен "Талибандын" Кытай менен дипломатиялык мамилелерине байланыштуу болгон", - дейт Soufan Center уюмунун улук изилдөөчүсү Уэббер.
Уэббер айткандай, экстремисстик топ "Талибан" менен атаандаштыгы жана аймактык дымагы күчөгөн сайын кытай жарандарын бутага алууну улантууга даяр турат.
""Вилаят Хорасандын" жоочулары буга чейин жардыруулар менен коркутуп, алтургай Борбор Азиядагы кытайлык энергетикалык линияларга чабуул коюшу ыктымал экенин өзбекче тараткан эскертүүлөрүндө жарыялаган", - деди Уэббер. Анын белгилешинче, "чек аралаш жерлерде чабуулдар дагы уланышы мүмкүн, анткени жоочулар менен кылмыштуу топтор кытай жарандарын көбүрөөк бутага алып жатат".