Нипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүүгө чектөө койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 28-январдан тартып Нипах вирусуна байланыштуу Индиядан мал-жандыктарды жана эт азыктарын алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Мындай чечимди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы кабыл алды. Мекеме бул чараны өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максаты менен түшүндүрдү.

Индиянын Батыш Бенгалия аймагында адам баласы үчүн өтө кооптуу Нипах вирусу жуккан учурларга байланыштуу Азиянын бир катар өлкөлөрүндө санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Январдын башында Индияда медициналык беш кызматкер вирусту жуктуруп алганы, бирөө оор абалда жатканы кабарланган.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 28-январда билдиргендей, декабрдан бери Батыш Бенгалияда Нипахтын эки учуру катталды. Алар менен байланышта болгон 196 киши аныкталып текшерилгенде алардан оорунун белгилери табылган эмес. Министрлик жалган маалымат, жоромолдор тарап жатканын кабарлады.

Вирустун негизги табигый булагы - жарганаттар (канаттуу жарганаттар). Ал жаныбардан жана инфекция жуккан адам менен байланышта болгондо жугушу мүмкүн. Вакцинасы жок болгондуктан, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 40% - 75% учурларда өлүмгө учуратышы ыктымал.

Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн. Негизги белгилерине дене таптын жогорулашы, баш оору, жөтөл, дем алуунун кыйындашы, алсыздык кирет. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык автоунаалар берилдиЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке кактыӨзбекстан Орусиядан миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктарын бузбоону талап кылды"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдеги чабуулда кичинекей кызды куткардыТИМ АКШда курал иши боюнча соттолгон кыргызстандык тууралуу комментарий бердиАмангелдиев: Украина-Орусия маселесинде Кыргызстан бейтарап саясат жүргүзөт