Рубио АКШнын колдоосу Украинанын коопсуздугун камсыздоодо башкы фактор болорун айтты

Марко Рубио.

АКШнын колдоосу Орусия менен согуш аяктагандан кийин Украинанын коопсуздугун камсыздоодогу негизги фактор болот. Бул тууралуу АКШ Конгрессинин Сенатынын тышкы иштер комитетиндеги угууда мамлекеттик катчы Марко Рубио билдирди.

Рубионун айтымында коопсуздук кепилдиктерине байланыштуу "жалпы макулдашуу" бар. Ал кепилдиктер Европанын чакан аскердик контингентин, негизинен француз жана британ аскерлерин жайгаштырууну, ошондой эле АКШнын колдоосун камтыйт.

Ошол эле учурда мамлекеттик катчы коопсуздуктун чыныгы кепилдиги дал АКШнын катышуусу экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Вашингтондун колдоосу болбосо европалык аскерлерди Украинага жайгаштыруу "орунсуз" болот. Рубио европалык өлкөлөр "акыркы 20–30 жыл ичинде коргонуу тармагына жетиштүү инвестиция салбаганын" айтып, алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалабасын белгиледи.

АКШнын колдоосу кандай формада көрсөтүлөрүн Рубио тактаган жок. Буга чейин америкалык аскерлер Украинага жөнөтүлбөй турганы айтылган, бирок АКШ логистикалык жана чалгындоо жагынан колдоп, Орусия ок атышпоо режимин бузган учурда чара көрүүгө милдеттенме алары белгиленген.

Ошондой эле Марко Рубио сенаторлордун АКШнын Иран, Венесуэла жана Гренландияга карата саясаты боюнча суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, Вашингтон Тегерандагы режим акыркы жапырт нааразылык акцияларынан кийин "олуттуу алсырады" деп эсептейт. Мамлекеттик катчы АКШ Иран америкалык күчтөргө кол салууга даярданып жатат деп эсептеген учурда сокку уруу укугун сактап каларын айтты.

Рубионун билдиришинче, Николас Мадурону кармап келгенден кийин Вашингтон Венесуэла бийлиги менен конструктивдүү диалог жүргүзүп жатат. Ошондой эле америкалык дипломаттардын бул өлкөгө кайтып келиши мүмкүн экени да четке кагылган жок.

Гренландия маселеси боюнча Гренландия жана Дания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр болорун, өз ара пайдалуу макулдашууларга жетүүгө ишенерин билдирди.

Дагы караңыз

Нипах вирусунан улам Кыргызстан Индиядан мал, эт азыктарын алып кирүүгө чектөө койдуЖАМК Мурсалым Өмүрзаков абакта каза болгону тууралуу маалыматты четке кактыСадыр Жапаровдун бийликтеги беш жылы: ийгиликтер, ара жолдо калган убадалар Өзбекстан Орусиядан миграциялык рейд учурунда өзбек жарандарынын укуктарын бузбоону талап кылдыТажикстан оогандык 16 жумушчу "кенде каза тапты" деген маалыматты төгүнгө чыгарды