Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Тажикстан оогандык 16 жумушчу "кенде каза тапты" деген маалыматты төгүнгө чыгарды

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын Өнөр жай жана кендер коопсуздугу боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Санат Рахим Айни районундагы шахтада оогандык 16 жумушчу "каза тапты" деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу жазды.

Маалыматка караганда, Рахим 27-январдагы пресс-конференцияда райондук прокуратурага кайрылганын, андай окуя катталбаганы жана ал жакта мыйзамсыз жүргөн ооган жарандары иштебегени тууралуу жооп алганын билдирди.

Анын алдында Afghanistan International TV телеканалы былтыр май жана ноябрь айларында Тажикстандагы металлургиялык заводго байланышкан кенде эки жарылуу болгонун, ооган жарандары каза тапканын кабарлаган.

Ооганстандын маалымат каражаттары оогандыктар тажик жергесинде мыйзамсыз иштеп жүргөнүн, алардын эмгек укуктары корголбогонун жазышкан.

Ошол эле маалда Рахим сөз болгон пресс-конференцияда өнөр жай ишканаларында башка кырсыктар болгонун ырастады.

Анын айтымында, былтыр кендердеги жана заводдордогу ар кандай кырсыктан 40 кишинин өмүрү кыйылды, 27си жаракат алды. Рогун ГЭСинин курулушунда 8 авария болуп, анда өлгөндөрдүн бешөө Кытайдын, экөө Ирандын жарандары экени айтылды.

Бул статистикада оогандык 16 жаран тууралуу маалымат жок. “Озоди” муну көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эместигин белгилейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG