Кыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңылады

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге шилтеме берип, Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 млрд доллардан ашып, өз тарыхындагы рекорддорун жаңыртканын билдирди.

Мелис Тургунбаев бул мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнөн дээрлик 2 эсе жогору экенин жана импорттун 9 айга жакынын камсыздай аларын айткан.

Буга чейин өлкөнүн эл аралык резервдери 2025-жылдын ноябрынын жыйынтыгы менен 8 млрд 269,16 млн АКШ долларын түзгөн болчу.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык базардагы курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулуучу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын базарга сатып турат.

Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койду АКШда Алекс Преттини аткан эки федералдык агент иштен четтетилдиПрезидент Жапаров "Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия бар" деп билдирди Еврошаркет Ислам революциясынын сакчылар корпусун "террордук уюм" деп таанууну макулдашты Токаевдин чет өлкөгө 14 млрд доллар которулганы тууралуу сөзү расмий сайттан алындыИИМ таксиге лицензия берүү мөөнөтүн 1-июлга чейин узарттыРубио АКШнын колдоосу Украинанын коопсуздугун камсыздоодо башкы фактор болорун айтты Орусия жана Украина аскерлердин сөөктөрүн айырбаштады