Эстония Украинага каршы согушкан орусиялык жарандардын Евробиримдик аймагына кирүүсүнө тыюу салууну сунуштады. Таллиндин бул демилеси Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселде өтө турган жыйынында караларын Politico басылмасы жазды.
Эстон бийлиги орус-украин тынчтык келишими кабыл алынса арасында кылмыштуу өтмүшү бар согуштун катышуучулары Евробиримдикке өтүшү мүмкүн деп кооптонууда.
"Төрт жылдык согуштан кийин сөз миллион адам, жүз миңдеген адамдар тууралуу болуп жатат, алар азыр да согушуп жатышат, бул көп сандар. Эгер алар Шенген аймагына киргиси келсе кандай болот?" - деген эстон дипломатынын сөзү келтирилди. Дипломат бул тобокелчиликти азайту үчүн Украинага каршы согушкан адамдарды "кара тизмеге" көбүрөөк киргизүү керек деп эсептейт.
Еврошаркеттин бир дипломаты шаркет өлкөлөрү Эстониянын сунушун колдогону менен, көпчүлүгүнө аны ишке ашыруу оңой болбосун, айрым өлкөлөргө Украинадагы согуштун ар бир катышуучусун өзүнчө тизмеге киргизип, чечимин ырастоочу далилдерди чогултуу талап кылынарын билдирди.
"Верстка" жана Die Welt басылмаларынын божомолунда, Орусияда согуштан кайтып келгендер миңден ашык адамды өлтүрүп же майып кылып кошту. Өлгөндөрдүн жарымынан көбү түрмөдөн согушка баргандардын колунан мерт болгондор.
Иликтөөчү журналисттердин божомолунда, 700 сот чечиминин 90 пайызында айыпкерлердин согушка катышканы жазасын жумшартуучу негиз болуп берген.
Украинага бастырып киргенден кийин Орусияда мурдагы соттолгондор, абактарда отургандар согушка тартылган. Алгач "Вагнер" менчик аскер компаниясы, кийин "Редут", "Доброкор" деп аталган жалданма ыктыярчыларды согушка жөнөткөн схемалар иштеп келет.