Кыргызстанда 1 миллионго жакын бала жакырчылыкта жашайт

Бишкектеги жаңы конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1-январга карата Кыргызстандын калкынын саны болжол менен 7 млн 300 миң деп эсептелсе, анын ичинен 1 млн 800 миңдейи 18 жашка чейинкилер экенин айтты.

Бул тууралуу ал 30-январда Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында айтып, өлкөдө жакырчылык 2020-жылдагы COVID-19 учурунда жогорулап 30% чейин жеткенин билдирди.

“Жылына киши башына кирешеси 65 миң 417 сомдон төмөн болсо жакыр деп эсептелет. Өткөн жылдын ортосуна карата бул көрсөткүч 25,7% түзгөн. Жакырчылык тез өсүп, бирок жылына ашып кетсе 2% төмөндөйт экен. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылыктын деңгээли 33%. Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт деген өтө жаман көрсөткүч”, - деди ал.

Эдил Байсалов бийликтин алдыдагы беш жылдын ичинде жакырчылыкты 15-20% чейин түшүрүү планы бар экенин айтты.

Ал социалдык жактан аярлуу топторду жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында ай сайын 300 миңдей адам жөлөк пул, балага сүйүнчү, үй-бүлөгө көмөк сыяктуу социалдык төлөмдөрдү аларын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

№13 шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктадыБалташев депутат Көкүловдун сөзүн журналисттерге кысым деп бааладыКыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңыладыАКШда Алекс Преттини аткан эки федералдык агент иштен четтетилдиЭстония Украинада согушкан орусиялыктарды Евробиримдикке киргизбөөнү сунуштадыБаңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитация борборун ачуу пландалуудаТрамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирдиЖапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койду