Зеленский Орусиянын сунушуна жооп кайтарып, Путинди Киевге чакырды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер менен сүйлөшүп жатып "Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолуккусу келсе Москвага келсин" деген сөз боюнча суроого жооп берди.

"Украинская правда" басылмасы Зеленскийдин жообунан цитата келтирди:

"Шексиз, мен Путин менен Москвада жолугушум мүмкүн эмес. Бул Путин менен Киевде жолугуу мүмкүн эместей эле. Мен деле аны Киевге чакыра алам, келсин. Ачык эле чакырам, эгер келе алса, албетте", - деди Зеленский.

Украин президенти эгер Путин менен жолугушуу согушту токтото алса, ага даяр экенин бир нече жолу кайталаган.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 29-январда Зеленский Путин менен жолуккусу келсе Москвага келсе болорун, ал жакта коопсуздугу кепилденерин айткан.

Украина менен Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп жаткан АКШ эки лидердин жолугушуусун Америка президентинин катышуусунда уюштуруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдиргени менен акыркы убактарда бул тууралуу сөз болгон эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп 29-январда Путинди суук күндөрү Украинанын борбору Киевди жана башка шаарларын аткылабай турууга чакырганын билдирген. Зеленский анын билдирүүсүн кубаттаган.

30-январдын таңында украин Куралдуу күчтөрү түн ичинде орусиялык аскерлер Украинага 111 учкучсуз учак менен сокку урганын, жай тургундар жаракат алышканын билдирди.

Дагы караңыз

Орусия Украинага баллистикалык ракета жана жүздөн ашуун дрон менен сокку урдуЭл аралык иш-чараларды каржылоо "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамынан чыгарылдыТрамп Кубага байланыштуу АКШда өзгөчө абал жарыяладыКыргызстанда вице-президент болобу?