АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келет

Сержио Гор.

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор кыргыз тараптын чакыруусу менен Кыргызстанга келет. Анын сапары 3-февралдан 6-февралга чейин болот.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдагандай, сапар алкагында Сержио Гор президент Садыр Жапаров менен жолугушат.

Мындан тышкары атайын өкүл 4-5-февраль күндөрү Бишкек шаарында өтө турган "Борбор Азия менен АКШнын экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү" темасындагы "B5+1" экинчи диалог форумуна катышат.

Былтыр ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Вашингтондо өткөн "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын жыйынына катышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

"Шамал" кайдан согуп жатат? 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу жанданды Кыргызстанда QR аркылуу төлөмдөр 908 млрд сомду түздү Президент Жапаров автомектептер маселесин көтөргөн депутаттарды сынга алдыСокулукта төрт жашар үч наристе сууга чөгүп чарчап калдыТИМ "Азаттыктын" Иракта кармалган кыргызстандык аял тууралуу макаласы боюнча маалымат берди