Согуш ыктымалдыгы күчөгөн сайын Ирандын прокси уюмдары "активдешти"

«Хезболла» уюмунун тарапташтары Ирандын Ливандагы элчилиги алдындагы иш-чарада. Бейрут, 2025-жылдын июну.

Өткөн жылы Израил жана Кошмо Штаттар Иранды жапырт бомбалаганда Тегерандын аймактагы куралдуу проксилеринен турган түйүн жана өнөктөштөрү ал окуялардан оолак турду.

Бирок, эксперттердин пикиринде, АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейинки эскертүүлөрүн ишке ашырып, Ислам жумуриятына каршы аскердик аракеттер башталса, “туруштук берүү тобу” жаңжалга Ирандын тарабында аралашышы мүмкүн.

Германиядагы Эл аралык мамилелер жана коопсуздук институтунун илимий кызмактери Хамидреза Азизинин айтымында, Иран былтыркы июнда болгон согуштан айырмаланып, бул жолу АКШ менен ыктымал урушту мамлекеттин жашап кетүүсүнө коркунуч катары баалайт.

"Бул – Тегеран “эч нерседен тайбай, аскердик күчүн же өнөктөштөрүн болобу, колунда бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр дегенди билдирет", - деп белгилейт изилдөөчү.

Ирандын Ирак, Ливан жана Йемендеги союздаштары АКШнын Тегеранга ыктымал кол салуусуна даяр турат деген ишарат байкала баштады.

Алсыраган альянс

Иран Жакынкы Чыгышта өзү колдогон согушкер прокси уюмдарды жана куралчан топторду камтыган кол жоолук түйүн түзүүгө ондогон жыл жумшады. Кеңири тараган, бирок байланыштары анча тыгыз эмес биримдикке ливандык «Хезболла» уюму, Йемендеги хуси козголоңчулары жана Ирактагы иранчыл кошуундар кирет.

Түйүн Ислам жумуриятынын Кошмо Штаттар, биринчи кезекте Израил тараптан жаралган коркунучтарга туруштук берүү стратегиясынын негизги элементи болуп келди.

Бирок акыркы жылдарда бул биримдик бир топ олуттуу соккуларга учурады. Сириянын президенти Башар Асаддын бийлиги 2024-жылдын декабрында кулатылды.

«Хезболла» Израил менен бир жылга созулган согуштан кийин кыйла чабал болуп калды. Ал урушта уюмдун анабашы Хасан Насралла жок кылынган.

Эксперттер ошол эле мезгилде согуштук дарамети төмөндөгөнүнө карабай альянс, куралдуу жаңжал тутанса, Иранга аскердик жардам берүүгө жөндөмдүү болушу мүмкүн деп эспетешет.

Дагы караңыз Иран: Толкуп-тозгон элдин ишенген лидери жокпу?

“Аскердик аракеттерин күч алдырган эмес”

Былтыр июнда болгон 12 күндүк согуш маалында Израил, анын аркасынан АКШ Ирандын негизги өзөктүк жана аскердик жайларын бомбалаган. Тегеран эң келишпес душманы болгон Израилди баллистикалык ракета жана дрондор менен аткылап, америкалыктардын Катардагы базасын бутага алып жооп кайтарган.

Иран түзгөн “туруштук берүү тобу” ал кыска урушка кийлигишкен эмес.

“Иран июндагы согушта өз алдынча туруштук бере аларына көзү жетип, аскердик аракеттерин күч алдырган эмес. Жаңжалдын жайылышын, ырбап кетишин каалабай, аны тезирээк ооздуктоону көздөгөн”, - деп айтат Азизи.

Бирок, эксперттердин баамында, Кошмо Штаттар менен ыктымал согуш Ирандын эсептерин өзгөртүшү мүмкүн.

Өлкөнүн диниятчылар бийлиги ондогон жылдардан бери мынчалык чабал болгон эмес. Ички нааразылыктын күчөшү, экономиканын кыйрашы аз келгенсип АКШ Иранга жакын жерге аскерлерин топтоп жатат.

Аналитиктердин көз карашында, жашап кетүү үчүн күрөштө Ирандын бийлиги колунда бар арсеналды колдонууну көздөйт.

“Жагдай өзгөрүшү мүмкүн”

"Туруштук берүү түйүнү, тагыраагы, калдыктары активдешкени байкала баштады", - деп улантты Азизи.

"Хезболланын" лидери 26-январда уюм ыктымал агрессияга даярданып жатканын жана коргонууга чечкиндүү камданганын билдирди. Бирок Иран кол салууга кабылса кандай аракет көрүлөрүн тактаган жок.

Талдоочулар жылдар бою Тегерандын эң кубаттуу кол жоолук колдоочусу болгон "Хезболла" ири коркунуч бойдон калууда деп эсептешет.

Дагы караңыз Иран: Каза болгондор жана кармалгандар миңдеп саналат, бийликтин көзөмөлү күчөөдө

"Ал уюм алсырады, бирок талкаланган жок. Бир топ стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнөн, ракета запастарынан, дрон чыгарган ишканасынан жана Израилдин чек арасында казылган туннелдеринен ажыраганы менен кубаттуу кошуун бойдон калууда", - деп айтат Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун аналитиги Саша Брухманн.

Кошуна Иракта иранчыл куралдуу топтор согушкерлерди, анын ичинде жанкечтилерди жалдоо өнөктүгүнө киришти.

"Катаиб Хезболла" тобунун башчысы 25-январда кол астындагы жоочуларды согушка даяр турууга үндөп, жалындуу билдирүү жасады.

2007-жылы түптөлгөн ал уюм бир кездери Ирактын армиясынын бир бөлүгү болгон шийилердин Элдик кыймыл күчтөрүнүн кубаттуу мүчөлөрүнү бири. Кыймыл Ирактагы ири аскердик жана саясий оюнчу.

"Иракты жаңжалга аралаштыруу саясий жактан алганда аларга кымбатка турушу мүмкүн. Бирок Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин көзүн тазалашса же режим кулап баратканын түшүнсө, кырдаал өзгөрүшү ыктымал. Ирактагы айрым шийи кошуундары Хаменеиге кызмат кыларына ант берген", - деген оюн ортого салат Брухманн.

Йемендеги хуси козголоңчулар былтыр АКШ менен жетишилген ок атпоо келишиминен чыгарын эскертишти. Хусилер Кызыл деңиздеги эл аралык кемелерге ракета жана пилотсуз учактарды атууну токтотууга көнгөн. Ал үчүн Вашингтон кыймылдын согушкерлерине абадан сокку урбоо милдеттенмесин алган.

Нью-Йорктогу Суфан аналитикалык борборунун аткаруучу директору Колин Кларк Иранга каршы аскердик чара көрүлгөндө “туруштук берүү тобунун” өлкөлөрү үн катпай отура берсе, алар өз маанисин жоготуп коет деп болжолдойт.

“Ал прокси уюмдар режимге коркунуч жаралганда жардам берүү үчүн түзүлгөн. Андыктан кризис учурунда аларды пайдалануу маанилүү болуп эсептелет”, - деп айтат Кларк.

Макаланын оригиналы төмөнкү шилтемеде:

https://www.rferl.org/a/iran-trump-hezbollah-iraq-huthis/33666970.html