Орусиянын Тергөө комитети генерал-лейтенант Алексеевге кол салуу аракети болгонун билдирди

Орусиянын Аскердик чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеев.

Орусиянын Тергөө комитети Аскердик чалгын башкармалыгынын (ГРУ) жетекчисинин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салуу аракети болгонун билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, белгисиз адам Алексеевге Москванын түндүк-батышындагы Волоколамск кан жолунун боюнда жайгашкан үйдө ок чыгарган.

Shot басылмасы жазгандай, шектүү Алексеевди тепкич аянтчасында күтүп туруп, офицер батиринен чыгары менен аткан.

Андан кийин кол салган адам изин жашырып кеткен, учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Ызы-чуу, кыйкырыктарды уккан коңшулар тез жардам чакырып, генерал ооруканага жеткирилген.

Baza маалымдагандай, Алексеев учурда жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор деп бааланууда. Окуянын башка жагдайлары азырынча белгисиз.

Факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "курал-жабдыктын мыйзамсыз жүгүртүлүшү" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Улуу Британияда Владимир Алексеев Сергей Скрипалга каршы Солсбери шаарында жасалган кол салууга тиешеси бар деп айыпталган. Ошондой эле ал "Вагнер" менчик аскер компаниясынын кураторлорунун бири катары аталып жүрөт.

2023-жылдын июнь айында Евгений Пригожин уюштурган козголоң маалында Алексеев вагнерчилерге видео кайрылуу жасаган жана Пригожин менен жеке сүйлөшкөнү айтылган.

Алексеевдин түздөн-түз жетекчиси Игорь Костюков АКШ жана Украина менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Орусиянын делегациясын жетектөөдө. Ал талкуулардын кезектеги айлампасы 4-5-февралда Абу-Даби шаарында өткөн.

Соңку бир жылда Орусияда бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкери кол салуудан набыт кетти. Алардын өлүмүнө негизинен жардыруулар себеп болгон.

Дагы караңыз

Чүй милициясы эки автомектептин жетекчилери кармалганын билдирди"Кымбатчылык кыйнады". Элдин пикири, өкмөттүн маалыматы №13 округдагы добушканаларга камера коюлушу боюнча кылмыш иши кыскарганы кабарланды