Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

"Кымбатчылык кыйнады". Элдин пикири, өкмөттүн маалыматы

Бишкек. "Ош базары".
Бишкек. "Ош базары".

Кыргыз өкмөтү кымбатчылыкка каршы чара көрүүнү убада кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында айтылды. Анда депутаттар өлкөдө азык-түлүктөн баштап коомдук жайлардагы тейлөө акысына чейин баары кымбат болуп жатканын айтышты.

"Баары кымбат болуп жатат"

Азык-түлүктүн жана башка товарлардын, коомдук жайлардагы тейлөө акысынын жогорулап кетиши тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, депутаттар аткаруу бийлигинин буга көңүл бурушун талап кылышты.

"Азаттык" бул маселеден улам Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, шаар тургундарына микрофон сунду.

Курал Сеитова ардактуу эс алууда. Ал дээрлик бардык товар кымбат болуп жатканын айтты:

Курал Сеитова
Курал Сеитова

“Жашоо шартка жетпей жатат. Кыйналып эле жашап жатабыз. Менин баамымда, бардык нерселерге баа өсүп кетти. Мына, үй салалы десек, курулуш материалдар, тамак-аш кымбат болуп эле жатат. Кымбаттабай калган эч нерсе жок”.

Тапкан-ташыганы эч нерсеге жетпей жатканын өзүн Сираждин деп тааныштырган жаран да билдирди:

"Жашоо кыйын, баары кымбат. Кыймылсыз мүлк деле кымбаттап жатат. Кайсы жакты караба, баары эле кымбат. Чындап кыйынчылык болууда. Пенсия жөнүндө айтсам, таптакыр эле аз. Пенсиядагылар үчүн деп магазиндер ачылып жатат, бирок ал жак деле арзан деп айта албайм”.

Айбек Туратбеков аттуу маектеш айлык маяна баалардын жогорулашына туруштук бере албай жатканын белгиледи:

“Баа өсүп кетти. Жумушубуз азыркы базар баасына дал келбейт. Элдин алган айлыгы толук жетпейт. Бир нерсе сатып алууга, үй-бүлөсүн камсыз кылууга жетпейт. Тамак-ашка болгон баа күндөн күнгө кошулуп жатат. Карапайым эл баа өсүп жатканын билет, бизнесмендер жана башкалар билбеши мүмкүн. Карапайым элге 1 сом же 5 сом кошулса эле билинип калат”.

Жумагүл Болтоева Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан студент:

Жумагүл Болтоева
Жумагүл Болтоева

“Мен студентмин. Жашоо шарт аябай кымбаттап кетти. Бишкекте жашоо оңой эмес. Аймактардан келгендерге кыйла эле кыйын. Мен үчүн эң негизги көйгөй — турак жай. Мисалы, биз үч бөлмөлүү батирге 60 миң сом төлөйбүз.

Дал ушундай Бишкектин көчөлөрүндөгү карапайым тургундар айтып жаткан кымбатчылыкка байланыштуу көйгөйлөрдү 5-февралда парламенттеги "Өкмөттүк саатта" депутаттар айтып чыгышты. Алар баалардын өсүшүн, буга каршы чараларды талкуулоо үчүн өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңешке чакырган.

"Өкмөттүк саатта" эл өкүлдөрү азык-түлүктөн баштап кыймылсыз мүлккө чейин баа көтөрүлүп кеткенин айтышты.

Медербек Алиев
Медербек Алиев

“Жашоо аябай кымбаттап кетти. Биздин студенттик учурда көп туугандар Орусияда мигрант болуп иштечү эле. Ошондо жарым жыл иштеп, Бишкектен 104–105-сериядагы үйлөрдү алышчу. Азыр алар өмүр бою иштесе да Кыргызстанга келип үй ала алышпайт. Бишкектеги үйлөргө бааларды карап көргүлөчү, баасы 100 миң доллар дейт. Монополия мекемеси ижара акысын көзөмөлдөсө болобу? Байкуш студенттер ички мигрант болуп окуп жүрүшөт. Ижараны көзөмөлдөсө болот да же тиши жок органсыңарбы?” — деди депутат Медербек Алиев.

Тамак-ашка болгон бааны кармап туруу үчүн дыйкандарга арзан пайыздагы насыяларды берип, аларды колдоо зарылдыгын депутат Дастан Жумабеков “Азаттыкка” курган маегинде белгиледи.

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

“Импортубуз аябай жогорулап кетти. Экспортту жогорулатыш үчүн биз өзүбүздөгү ишкерлерге камкордукту күчөтүшүбүз керек. Мамлекет аларга субсидия бериши зарыл. Өзүбүздө өндүрүлгөн товарды өлкө ичинде жайылтууга жардам беришибиз керек. Биз өзүбүздүн продукцияны жегенге, иштеп чыгууга шарт түзгөнүбүз туура болот. Ошондо биз импортту азайтабыз”.

Кымбатчылык көйгөйү парламентте көтөрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00


Өкмөттүн жообу

Өлкөдө керектелген товарлардын 70 пайызга жакыны сырттан кирет. Кыргызстан бул жагынан бааны ооздуктай албай келет. Министрлер кабинети бир топ убакыттан бери аракет көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Бизге кирип жаткан азык-түлүктүн 70 пайыздан ашыгы сырттан келет. Биз сиздер менен бирдиктүү өкмөттүн программасын кабыл алганбыз. Анда негизинен тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу каралган. Акыркы жылдары тамчылатып сугаруу багытында насыялар, агротехникага лизинг программалары бар. Ал эми тамактануучу жайлардагы баалардын көтөрүлүп кетиши боюнча өзүнчө иш-чаралар болот. Пайыздарды түп тамырынан ошол баага кошуу таптакыр туура эмес. Бул маселелерди азыр карап жатабыз”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев.

Өкмөт башчынын орун басары инфляцияга байланыштуу жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, бул багытта ар эки апта сайын жыйын өтүп жатканын кошумчалады. Амангелдиев билдиргендей, былтыр жыл аягында инфляция өкмөт болжолдогон 7% чегинен ашып, 9,2% чыгып кеткен. Бул күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу болуп, мамлекет бир канча май ташуучу компанияга субсидия берген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы ага чейинки жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн.

Буга кошумча, соңку 3–4 жылдан бери кыймылсыз мүлктүн жана батирдин ижара баасы токтоосуз өсүп келе жатат. Башкалаа Бишкекте былтыр бир жылда баа 25–30 пайызга чейин өскөнү байкалган. Буга чейин өлкөдө мамлекеттик жардамга муктаж 300 миңдей үй-бүлө бар экени айтылып, 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашары белгилүү болгон.

"Ош базарын" көчүрүү аракети

Ал тапта Бишкектеги "Ош базары" күзгө жакын көчүрүлмөй болууда. Соодагерлер жаңы базардын шарттарынан кабарсыз экендигин айтып, соода болбой калса насыяларынан кантип кутулуп, кантип тиричилик кылабыз деп тынчсызданып жатышат. 4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев базарга барып, эл менен жолукту. Ал жаңы базар толугу менен курулуп бүткөндө соодагерлер көчөрүн, ижара акыны мамлекетке гана төлөй турганын билдирди.

Сатуучу Курманбек Орозбек уулу "Ош базарында" бир нече жылдан бери иштейт. Чакан жерде кийим сатып, эки баласын багып келет. Базар көчө турган болсо кийин соода кандай болот, насыясын, батиринин ижара акысын кантип төлөйм деп тынчсызданып жатат:

Курманбек Орозбек уулу
Курманбек Орозбек уулу

"Садыр Жапаров келет экен деп үмүттөнүп барганбыз. Үнүбүз жеткен деле жок. Жеке мен ушул эле жерди иштетем. Оокатым ушул жер. Айына жүз миңдей чыгашам бар. Мына, ордум 30 миң, квартира 32 миң, плюс тамак-аш бар. Жаштарды ойлогон бир киши жок. Депутаттардан деле үмүтүм калбай калды."

"Ош базарынын" жаңы имараты “Манас” аэропортуна кетчү жолдо, азыркы ордунан машине менен барганда болжол менен 15 мүнөттүк аралыкта жайгашкан.

Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Сатуучу орундарынын саны азырынча белгисиз.

Базарда жашылча-жемиш сатып иштегендерде да суроо көп. Отуз жылдан бери корей салатын сатып соода кылган Соня Санжеза ушул жерден баар таап, балдарын чоңойтконун айтууда. Ал алдыдагы белгисиздиктен кооптонуп турганын жашырган жок:

Соня Санжеза
Соня Санжеза

"Бул жер эми шаардын борбору да, эл дагы бизге көнүп калган. Туристтер дагы көп келет. Эгер көчө турган болсок, салат алат элем деп эч ким шаардын четине барбайт го. Толтура супермаркеттер, чакан базарлар бар. Жаңы жердеги шарттар кандай болот, ижара акысы канча болот деп сарсанаа болуп жатабыз".

4-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мэриянын өкүлдөрү менен базарга барып, соодагерлерге жолукту.

Базарда иштегендердин "Сатуу орундар бекер берилеби? Азыркы жерде дагы бир жыл иштегенге мүмкүнчүлүк барбы?" деген суроолоруна ал:

"Кайсы орундарда бүгүн соода кылсаңар, бизде бүт баары бар, ушул боюнча барып отурасынар. Эч ким ал жерде мага мынча акча төлө деп айтпайт. Ал жерден биз бөлгөнбүз. Сүт сатуучу жер, жер-жемиш... Ошондой бойдон барып отуруп каласыңар. Болгону, ушул жерден кандай ижара төлөсөңөр, мамлекетке ижараны төлөп отура бересиңер", - деп жооп берди.

Туманбаев "Ош базары" шаардын түндүк-батыш тарабындагы жаңы ордуна ал жактагы курулуш иштери толук аяктап, даяр болгондо көчүрүлөрүн билдирип, соодагерлерди муниципалитет менен келишим түзүүгө чакырды.

Кырк жылдан ашык убакыт иштеп келе жаткан базарды шаардын чет жакасына көчүрүү аракети анын айланасындагы унаа тыгынын азайтуу, калаанын бул бөлүгүн иретке келтирүү максатына байланыштуу экени айтылып келет.

"Ош базары"
"Ош базары"

"Азаттык" базардагы сатып алуучулардын айрымдарына микрофон сунуп, анын көчүрүлүшү тууралуу пикирин сурады:

- Бизге ыңгайлуу. Себеби №265 автобус жүрөт. Анан дагы түз келип, түз кетем.

- Көчсүн, тыгын... Шаардан баарын айдасын. Ушуга окшогон базарлар сыртка чыксын.

-Тигил жак алысыраак болуп калат го. Бул жак жакын.

Базар көчкөн соң ордуна шаардык парк уюштурулары, ал эми кол өнөрчүлөрдүн "Кыял" базарынын ордуна бейтапкана түшөрү пландалууда.

Бирок бул убада канчалык ишке ашарынан күмөн санагандар да жок эмес. Экоактивист, фото кабарчы Влад Ушаков:

"Дайым эле кайсы бир объектти бузарда ордуна парк же оорукана салабыз дей беришет. Эл ага ишенип, макул болот. Анткени ошол нерселер шаардыктарга керек. Бирок бир аздан кийин эле мындай убада ишке ашпай калганын көрүүдөбүз. Башкача айтканда, турак жайлар эле пайда болуп, парктардан дайын жок".

Базардын ордун которуу демилгеси 2024-жылы көтөрүлүп, ал шаардын түндүк-батыш тарабына көчүрүлөрү айтылган. Мэрия ошол жылдын июль айында турак жай кварталын, Ош базарынын жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.

Былтыр март айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ош базары көчүрүлө турган жаңы базар үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн жана азыркы ордунда соода кылууга толук тыюу салынарын билдирген. Базарды көчүрүүгө айрым соодагерлер каршы чыккан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге "Ош базарындагы" сатуучулар менен жолугушкандагы орой мамилеси үчүн катуу эскертүү берди. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 6-февралда Фейсбуктагы баракчасына Туманбаев "эмоцияга алдырганын" жазды.

“Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды”, - деп жазды Алагөзов.

Туманбаев 4-февралда Бишкектеги "Ош базарынын" соодагерлери менен жолугушуп, жаңы курулуп жаткан базарга көчүрүү маселесин сүйлөшкөндө анын айрым соодагерлерге орой мамиле жасаган видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууланып, Туманбаевди сынга алгандар көп болгон.

Ош базары: Cоодагерлердин үнү, бийликтин убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG