75 адамдан турган топ президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылуу жасады

Садыр Жапаров. 2021-жыл.

Саясатчылар, коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды.

Алардын аты-жөнү жазылган кайрылуу социалдык тармактарда тарап, азыркы бийликтин тушунда жасалган иштер менен айрым кемчиликтер жазылган. Анда эң башкысы өлкөдө туруктуулук орногону, коңшулар менен чек ара маселеси чечилип, уюшкан кылмыштуу топ түп-тамыры менен жок болгону белгиленген. Андан тышкары акыркы беш жылда Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганы жазылган.

Ал эми өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө мамлекеттик карыздын өсүшү, кымбатчылык жана жумушсуздук кедергисин тийгизип жатканы, Кыргызстанды өнүктүрүүгө жаңы стимул керек экени айтылат.

Алар коомдо Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнө байланышкан маселе талкууланып жатканын белгилеп, жакын арада шайлоо өткөрүү сунушу берилди. Кайрылууга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Бороновдор кол койгон. Мындан тышкары экс-депутаттар Аалы Карашев, Иса Өмүркуловдун да аты жазылган. Ошондой эле бир катар маданий кызматкерлердин аты-жөнү бар.

“Азаттык” алардын айрымдары менен байланышканда кол коюшканын ырасташты. Алардын бири коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айтты.

Бул кайрылууга Садыр Жапаров жана Нурланбек Тургунбек уулу комментарий бере элек.

Кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу башталды. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.

Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

Былтыр Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, кезектеги президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына (январдын төртүнчү жекшембиси) белгиленген.

Учурдагы президент Садыр Жапаров кийинки шайлоого катышары буга чейин эле белгилүү болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, кийин маалымат катчысы Аскат Алагөзов да айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Ош милициясы аламан улак тартыштагы өлүм менен аяктаган окуяны териштирип жататМинистр Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин Кыргызстанга келип иштөөгө чакырдыИИМ “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн билдирүүсүн текшерип жататТөрөбаев сугат суу берүүдө электрондук эсептегичтер коюларын айттыФСБ: генерал Алексеевге кол салууга шектүү Дубайда кармалып, Москвага жеткирилди Улуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар сатты№13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды