Өзгөндөгү аламан улактан кийин Ниязовго 5500 сом айып салынды

Аламан улак өткөн аймакты таштандылардан тазалоо иши.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча 5 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Социалдык тармактарда 8-февралда өткөн аламан улактан кийин тоо-таштын баары таштанды болгон видео тараган. Ушундан улам министрликтин Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы айып салды.

Ушул тапта уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар аймакты таштандыдан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, аламан улак уюштуруп байгеге бир нече автоунаа, төө, мал-жандык койгон. Ага миңдеген адам чогулуп, 27 жаштагы улакчы сууга түшүп каза болгон. Айрымдар ал сууга атын сугаруу үчүн барганын айтып жатышат.

Ушул эле аламан улакты көргөнү барган 26 жаштагы адам машинесин башкара албай жол жээгиндеги жарга түшүп кетип, ооруканада жатат. Бул окуяларды Ош облустук милициясы териштирүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Төрт айда экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилетКытайдан машине ташууда уруксат кагазын алуу жеңилдедиУлуттук банк валюта базарына дээрлик 110 млн доллар сатты№13 округ: Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери башталды Министр Орусиядагы кыргыз дарыгерлерин Кыргызстанга келип иштөөгө чакырды75 адамдан турган топ президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылуу жасады