Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Өзгөн районунда аламан улак тартышта бир адам мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 8-февралда аламан улак өтүп, оюн маалында бир адам мерт болгону кабарланды. Бир катар басылмалар, социалдык тармактын колдонуучулары улакчы аты менен кошо сууга түшүп кеткенин, анан сөөгү Жалал-Абад облустук бириккен ооруканалардын табытканасына жеткирилди жазышты.

Ош облустук милициясы окуя тууралуу маалымат кийинчерек берилерин билдирди.

Маалыматтарга караганда мерт болгон жарана 27 жаштагы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну.

Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, улак уюштуруп жатканы, байгеге машина коюлганы айтылган.

Кыргызстанда улак тартыш оюндарында буга чейин дагы кырсык болгон, адам өлүмү менен аяктаган, чыр чыккан учурлар болгон.

Былтыр октябрда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылындагы көк бөрү оюнунан чыккан чырда 34 жаштагы киши жараат алып, эсине келбей каза болгон. Кылмыш иши козголуп, шектүү катары төрт адам камалган.

2025-жылы 12-мартта Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде улакчы Мирлан Сражидинов каза тапкан. 1-лиганын оюнунда Сокулуктун “Бөрүлү” командасынын оюнчусун Оштун “Бүркүт” командасынын оюнчусу ат менен сүздүргөн. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, атаандаш команданын оюнчусу камакка алган.

Бул окуядан кийин “Нооруз-2025” турнири токтотулган.

2023-жылы Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында 31-августта, өлкөнүн Эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыккан чыр чыккан. Оюн жыйынтыгына, калыстын чечимине нааразы айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен урган.

Тополоңдон кийин жети адам жараат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы, 65 киши сурак берип, тогуз киши камалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG