Кудрет Тайчабаровго дагы эки айып коюлганы белгилүү болду

Кудрет Тайчабаров.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаровдун камактагы мөөнөтүн узартып, 2-мартка чейин тергөө абагында калтырды. Мындай чечим 4-февралда чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүнүн адвокаты Памир Суранбаев “Азаттыкка” тергөөдө Кудрет Тайчабаровго коррупция жана алдамчылык боюнча дагы эки айып тагылганын айтты. Анын сөзүнө караганда, коррупция иши “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы ишмердигине байланыштуу козголгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Тайчабаров ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Былтыр Жогорку Кеңешке шайлоодо ал №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазган. Боршайком 6-ноябрдагы отурумунда “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Мунун алдында социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Бир катар гезиттерде журналист болуп иштеген Тайчабаров 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон, кийин Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеген. Ал соңку маалда социалдык тармактарда бийликтин дарегине сын-пикирлерин да жазып калчу. (BTo)

Дагы караңыз

Евробиримдик Кыргызстандагы эки банкка санкция салууну көздөп жататЖК комитети гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдодуКыргызстан Сауд Арабиядан мектеп куруу үчүн 50 млн доллар насыя алатАКШ Тынч океанда маңзат ташыган кемеге сокку урганын билдирдиТИМ АКШда кармалган Бейшекеев менен байланышканын билдирдиЕвробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетине Кыргызстанга чара көрүү сунушун да киргизди Немис тышкы иштер министри Берлинде борбор азиялык башкы дипломаттар менен жолугатНарын шаарынын мурдагы мэри Кеминге аким болуп дайындалды