Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.
Мунун алдында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызмат ордунан бошоткон.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.
Ал бул кызматка келгенден кийин коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш жарыялап, Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Андан бери бир катар адамдар уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген кине менен кармалды.
Атайын кызмат жакында эле УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.
Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун бир нече жылдан берки саясий үзөңгүлөшү. Анын кызматтан алынышы тууралуу президент да атайын кызматтын мурдагы төрагасы да комментарий бере элек. (BTo)