Кыргыз бийлиги Чжаонун көмөгү менен долларга байланган USDKG жана сомго байланган KGST аттуу криптовалюталарды жасап, Binance аянтчасында жүгүртүүгө чыгарды. Кыргызстандын ички криптовалюта базарында болсо жүгүртүү 3 триллион сомго жакындады. Бул жүрүштөрдү оң баалагандар да бар, ошол эле кезде тобокелчиликтерден чочулагандар да жок эмес.
Чаңгы базада чечилип сүйлөшүү
Кыргыз президенти Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону бул ирет Ысык-Көл облусундагы кышкы эс алуу жайларында эки күн коноктоду. 7-февралда “Каракол” чаңгы базасына чыгышса, 8-февралда Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген “Ала-Тоо Резорт” курорту курулуп жаткан аймакты көрүштү.
Садыр Жапаров Чжао менен баарлашууда туристтик шаарчанын мүмкүнчүлүктөрүн айтып берип жатты:
“Бул жерде үч тоо биригет. Калган эки тоодогу базада тең мына ушул жердегидей инфратүзүм болот. Беш жылдыздуу мейманкана жана башка нерселер курулат”, – деди ал.
Ысык-Көлдөгү үч чокуну бириктирген келечектеги ири чаңгы базасына алгач “Кыргыз Куршевель” деген аталыш берилип, долбоору 2024-жылы жарыяланган. 2025-жылы аталышы “Ала-Тоо резорт” болуп өзгөрүп, курулушу башталган. Долбоор алгач чет элдик компанияга берилсе, кийин курулушту мамлекеттик ишкана инвесторлордун көмөгү менен жүргүзө баштаган.
Президент Садыр Жапаров менен кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжао. 8-февраль, 2026-жыл.
Чанпэн Чжао буга инвесторлор катары тартылбаса керек, муну жөн гана криптовалюта базарындагы ири оюнчуну Кыргызстандын артыкчылыктары менен тааныштыруу катары караса болот. Ал журналисттерге берген учкай комментарийинде буларды айтып өттү:
“Мен жашоодо мындай сонун карды көргөн эмесмин. Дүйнөдөгү эң жакшы кышкы эс алуу жайы экен. Албетте, бул жерди досторума сунуштамакмын. Бул көргөн тоолордун мыктысы болду”.
Журналист мындан соң Кыргызстандын виртуалдык активдери боюнча иштер кандай жүрүп жатканын тактап сурады. Ага Чанпэн Чжао минтип жооп берди:
“Кыргызстандын виртуалдык активдер программасы аябай жакшы өнүгүүдө. KGST деген стейблкоин биржаларда жөнгө салынууда жана ошондой эле токенизация боюнча жумуштар алып барылууда. Ошондуктан бул жааттагы иштер жакшы баратат десек болот”.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, президент Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао андан ары долбоорлорду бейформал шартта талкуулоону улантышты.
Чжаонун Кыргызстанга жүрүшү жана Бишкек чыгарган стейблкоиндер
Чанпэн Чжао 49 жашта. Өзү Кытайда туулган, бирок ата-энеси Канадага көчүп барып, ошол жакта отурукташып калган.
Алгач криптовалюта базарында трейдинг менен алектенген программист 2017-жылы Binance криптобиржасын негиздеген. Аянтча жарым жылда чоң оюнчуга айланып, Чжао өзү 1-2 млрд доллар активи бар миллиардерлердин катарында Forbes’тун тизмесине кирген. Binance кийинки жылдары ири криптобиржага айланган.
2023-жылы АКШда Чжаого “акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган” деген негизде кылмыш иши козголгон. Ал санкцияга кирген адамдарга аянтча түзүп берген деп айыталган. Ишкер күнөөсүн мойнуна алып, компаниянын башкы директору кызматынан кеткен. 2024-жылы ал төрт айга кесилип, бир жылдык соттошуудан кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын ырайымы менен камактан бошотулган.
Bloomberg басылмасынын маалыматтарына таянсак, Чанпэн Чжаонун байлыгы 2023-жылы 23 млрд доллар деп кабарланса, 2025-жылы 90 млрд доллардын тегерегинде деп бааланган.
Мына ушундай тарыхы бар кытай-канадалык ишкерди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы май айында Бишкекке чакырып, өзүнө коомдук кеңешчи кылып бекиткен. Анда да бир сыйра коноктоп, расмий күбөлүк тапшырган. Чжао күбөлүк алуу иш-чарасында журналисттерге комментарий берип, Кыргызстандын улуттук санарип валютасын түзүүгө көмөктөшөрүн айткан.
Президент Садыр Жапаров Binance эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону кеңешчиси кылып дайындаган учуру. 3-май, 2025-жыл.
Натыйжада ал Кыргызстандын иш-чараларына катышып, чет жактагы форумдарда бул өлкөнүн виртуалдык мүмкүнчүлүктөрүн жарнама кыла баштады. Президенттин алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, анын эки жыйналышына тең Чанпэн Чжао да катышты. Ал Жапаров менен видео байланыш аркылуу да сүйлөшүп турду.
Буга оро-пара Кыргызстан криптовалюта чыгарганы жатканы маалымат тарап турду. Финансы министрлиги муну былтыр июлда ырастап, ноябрда аны жүгүртүүгө чыгарды.
USDKG криптовалютасынын Binance криптобиржасындагы динамикасы. 10-февраль, 2026-жыл.
АКШ долларына теңме-тең байланган USDKG аттуу криптовалютанын алгачкы эмиссиясы президенттин катышуусунда өттү. Иш жүзүндө Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик криптовалютасы пайда болду.
Финансы министри Алмаз Бакетаев криптовалютаны жүгүртүүгө чыгарган күнү журналисттерге буларды билдирген:
Алмаз Бакетаев
“Бул боюнча бир жарым жылдан бери иш алып барып жатканбыз. Бул өзгөчө стейблкоин. Анткени бул алтын менен камсыздалган. Учурда бизде 50 миллион долларга тете алтыныбыз бар. Мына ошого барабар суммага – 50 миллион токенди эмиссия кылдык. Кудай буюрса, биздин USDKG криптовалютасын ар кайсы биржаларда алып-сатууга болот. Бул кадимки эле төлөм системасы. Компаниялар, жарандар аны дүйнөдөгү башка стейблкоиндер сыяктуу эле бирдемени төлөгөнгө, акча которууга же акча чогултууга колдоно беришет”.
Кыргыз бийлиги мындан сырткары сомго теңме-тең байланган KGST аттуу экинчи улуттук криптовалютасын жүгүртүүгө чыгарды. Ал да стейблкоин.
Президент Садыр Жапаров муну жаңы жылдык кайрылуусундагы сөзүндө өнүгүүнүн белгиси катары мүнөздөгөн. Кызыгы, береги сөздү ал орусча кебинде айтып, кыргызчасында келтирген эмес.
Садыр Жапаров
“Бийликтин бардык бутактарынын эриш-аркак ишинин жана бюджетин максаттуу колдонуусунун натыйжасында Кыргызстан ички дүң продуктунун өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү үч өлкөнүн катарына кирди. Дүйнөлүк экономикада криптовалютанын ролунун өсүү шартында эл аралык ири криптовалюталык платформа – Binance биржасында кыргыз сомуна бирме-бир байланган KGST улуттук стейблкоиндин листинги ишке ашты. Бул Кыргызстандын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү укуктук, институционалдык жана жөнгө салуунун өнүгүшүнүн жогорку деңгээлде экендигинин далили болуп саналат. Жетишилген жыйынтыктар жалпы жонунан Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда экендигин көрсөтүп турат”, – деген мамлекет башчы 31-декабрда.
Binance криптобиржасынын сайтын карасак, анда кеп болгон криптовалюта тең соодаланууда.
KGST криптовалютасынын Binance криптобиржасындагы динамикасы. 10-февраль, 2026-жыл.
Динамикада көрүнүп тургандай, экөөнүн тең наркы бир көтөрүлүп, бир түшүп турат.
USDKG’нин капитализациясы 16,71 миң доллар, KGST’нин капитализациясы 5,64 млн доллар деп белгиленген.
Криптовалюта базарындагы триллиондор
Криптовалюта – интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы. Же тиешелүү компьютердик программада, тагыраагы, блокчейн технологиясы аркылуу иштелип чыккан сандардын топтому. Эң популярдуусу – биткоин.
Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган. Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. Кыргыз бийлиги Улуттук крипто биржаны жана Улуттук крипто резервин түзүү дымагын жарыялаган.
Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстандын финансы министри Алмазбек Бакетаев. Коллаж.
Төрт жыл ичинде криптомайнинг фермалардын, криптобиржалардын, криптовалюта алып-сатуучу жайлардын жана виртуалдык активдердин эмитенттеринин саны бир көбөйүп, бир азайып олтурду. Себеби аларга лицензиялар берилип, кайра алынып турат.
2025-жылдын аягына карата 82 криптовалюта алып-сатуучу жай, 5 криптобиржа, 5 виртуалдык активдердин эмитенти иш алып барууда.
Кыргызстандын криптовалюталарын чагылдырган сүрөт. Жасалма интеллекттин негизинде жасалган.
Эмитенттер USDKG, KGST криптовалюталарын жана A7A5, MTH, CDSD, LMAu деп аталган 6 криптовалютаны жүгүртүүгө чыгарышты. Ал эми катталган майнерлер мурдараак он чакты болсо, азырынча алардын баарынын иши токтотулган.
Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы 10-февралда тараткан маалыматында Кыргызстандагы криптовалюта биржаларынын жана крипто алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 3 триллионго жакындаганын билдирди:
“2025-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча виртуалдык активдерди жеткирүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 2 трлн 735 млрд 62,50 млн сомду түздү. Жалпы жонунан 2 122 177 транзакция жүрдү. Бул виртуалдык активдер базарынын өтө кеңейгенин жана санариптик активдерди колдонуучулардын өсүп жатканын айгинелейт”.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.
Өсүү демекчи, криптовалюта мыйзамдаштырылган 2022-жылы Кыргызстандын бул тармактагы базарындагы расмий катталган жүгүртүүсү 1 миллион сомго жеткен эмес. Жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 215 млрд сомдон ашса, 2024-жылы 923 млрд сомго жеткен.
Жогоруда белгилегенибиздей, 2025-жылдын жыйынтыгында бул сумма 2,7 триллион сомдон ашып, бир жылда үч эсе көбөйүп олтурат. Кыргызстандын шартында аябай чоң сумма.
Бул суммага Кыргызстандын ичинде чыгарылган криптовалюталардын жана дүйнөлүк криптовалюталарды алып-сатуунун бардыгы кирет. Башкача айтканда, биткоинди алып саткандар да, USDKG’ни алып саткандар да кошулат.
Криптовалюта жаатындагы адис жана программист Арстанбек Самиев “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:
“Сумма толук реалдуу. Ал ошончо криптовалюта бар дегенди билдирбейт, ал ошончо транзакция болду деген сөз. Жеке мен 2023-2024-жылдары криптовалюта менен бир топ транзакция кылып, ары-бери жасаган соодам үчүн колдондум. 2025-жылы анчалык көп алып-сатпадым, болгону эки-үч жолу гана транзакция жасадым. Анын ичинде борбордоштурулган Binance биржасында да, башка борбордоштурулбаган биржаларда (аларды DEX деп коюшат) иштедим. Мен эле бир топ суммаларды которуп жатам, а башкалар деле өз муктаждыктарына жараша миллиондогон акчасын ары-бери которушат. Мисалы, ошол эле Binance аянтчасында “1 миллион долларлык криптовалюта сатам”, “3 миллион долларлык валютаны сомго алмаштырам” деп коюп, алып-сатып турушат. Анын ары которулганы да, бери которулганы да бүт эсепке алынып, транзакция болуп саналат да, жалпы жүгүртүүгө кирет. Башкача айтканда бир эле сумманы он жолу которсоң, ошонун баары эсептеле берет. Ошондуктан криптовалюта базарындагы жалпы жүгүртүүнүн суммасы өсүп жатат. Албетте, кайсы бир деңгээлде көмүскөдөн чыгып, расмий биржа, расмий алмаштыруучу жайлар аркылуу иштей баштаганы үчүн да сумма көбөйдү го деп ойлойм”.
Секириктер жана тобокелчиликтер
Кантсе да, Кыргызстандын бийлиги криптовалюта базарындагы ири оюнчу менен кызматташып, бул жааттагы аракеттерин кескин жандантты.
Президент Садыр Жапаров өз риторикасында “Кыргызстан – виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алып, бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан чөлкөмдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири” экендигин айтып, Борбор Азияда ишенимдүү баратканын билдирип келет. Ал жана башка аткаминерлер ар кайсы деңгээлдеги жолугушууларда Кыргызстандын криптовалютасын жарнамалап, ошол багытта да кызматташууну сунуштап келатышат.
Экономист Кубан Чороев мунун баарын криптовалюта базарындагы атаандаштык катары мүнөздөөдө:
Кубан Чороев
“Менин оюмча, келерки 5 жылдыкта криптобазарда стейблкоиндер чоң роль ойной баштайт. Анткени салттуу финансы тармагы, анын ичинде банк системасы алдыңкы жылдары криптовалютага же блокчейн системасына өтөт. Ошондуктан көптөгөн мамлекеттердин Улуттук банктары же Финансы министрликтери ушул системага даярдык көрүүдө. Кайсы мамлекет ушул багытты эртерээк ишке ашырып өтүп кетсе, ошол утушта болот. Жок дегенде артта калбайт. Өзбекстан да эксперименталдык түрдө сумга байланган криптовалютасын чыгарганы жатат, Казакстан да улуттук крипторезервин түзүүгө умтулуп жатат. Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга келип, президентке кеңешчи болушу бул жааттагы позитивдүү кыймыл деп айтсак болот. Себеби бүгүнкү күндө “Борбор Азияда криптовалюта жана блокчейн боюнча ким лидер болот?” деген чоң суроо дагы деле турат. Кайсы мамлекеттин мыйзам базасы ыңгайлаштырылып, кайсы өлкөнүн бийлиги эртерээк кадам таштаса, ошол лидер болот. Жогоруда белгилегенимдей, азыркы учурда Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда ушул жаатта билинбеген атаандаштык өкүм сүрүүдө”.
Башка маселе, криптовалюта базарындагы бул секириктерден Кыргызстанга пайда-зыяны кандай? Олуттуу тобокелчиликтер жокпу?
Пайдалуу жагы катары, криптовалюта базарындагы жүгүртүүлөр көмүскөдөн чыгып, көзөмөлгө алынып калганын атаса болот. Себеби мындай шартта андан салык алына баштайт. Айталы, кыргыз бийлиги былтыр 9 айдын эсебинде 2 млрд сомдон ашык каражат салык катары түшкөнүн маалымдады.
Зыян жактарын азырынча так айтуу кыйын. Балким, криптобазардагы каражаттарды кайсы бир топтор акча адалдоо үчүн колдонуп кетиши мүмкүндүгүн ушуга кошсо болот.
Айталы, Молдовадан качып чыгып, орус жергесинде жашап жүргөн олигарх Илан Шор Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюштуруп, Бишкекте рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарганы көп түкшүмөл жаратууда.
Илан Шор жана ал ээлик кылат делген криптобиржа жана криптовалюта.
Financial Times басылмасы белгилегендей, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан стейблкоин Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Жөнөкөй түшүндүргөндө, чет өлкөгө акча которууну каалагандар так ушул биржаны колдонууда. Себеби, Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн.
Financial Times басылмасы былтыр жайда чыгарган макаласында Grinex ачылган төрт ай ичинде 9 млрд доллар айлантканын маалымдаган. “Азаттыктын” бир нече кызматы биргелешип жасаган декабрдагы иликтөөдө болсо A7A5 криптовалютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткени эсептелген.
Мына ушундай түкшүмөлдөрдүн фонунда АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC), Улуу Британиянын өкмөтү, Европа Биримдиги Grinex криптобиржасына жана стейблкоинди чыгарган “Олд Вектор” компаниясына, алардын негиздөөчүлөрүнө санкция киргизген. Былтыр жыл соңунда Шорго байланышы бар кыргызстандык KIFIKO аттуу компания да санкцияга илинген.
Программист Даниил Вартанов мурдараак “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай деген эле:
Даниил Вартанов
“Сырткы оюнчулар Кыргызстанды санкциялардан буйтоо үчүн колдонуп жатышы мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Албетте, мен азыр муну ырастай да албайм, четке да кага албайм. Мындай нерселерге өтө этияттык менен кароо керек […] Биринчиден, дүйнөдөгү бардык адалдаштырылган акчанын 99% кадимки банктар аркылуу жүрөт, ага эч кандай криптовалюта керектелбейт. Эгер криптовалюталардын өзүн ала турган болсок, аны банк системасынан сырткары которуу үчүн эң жөнөкөй криптовалюталар деле жарайт. Адамдар көнүп алгандыктан, жөнөкөй жана түшүнүктүү болгондуктан стейблкоиндерди колдонушса керек. Бирок ал коопсуз дегенди түшүндүрбөйт. Мында кайра эле ошол стейблкоиндерди чыгарып, жүгүртүп, алардын курсун кармап турган адамдарга ишенүүгө туура келет”.
Баса, Кыргызстан чыгарган USDKG стейблкоинине Финансы министрлигине караштуу “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясы ээлик кылат. Директору Бийболот Мамытов. Бирок бул стейблкоин Кыргызстандын алтыны менен камсыздалган деп кабарланган. Мындан көйгөй болбойбу?
Ал эми KGST стейблкоини "КейЖиЭсТокен" аттуу жеке фирмага таандык. Директору катары Ольга Мартынова, негиздөөчүсү катары “Гевор Трейдинг Корп” аттуу эл аралык компания көрсөтүлгөн. Демек, стейблкоиндин түбү чет элдик болуп саналат. Анда бул криптовалютаны Кыргызстандыкы дегенге болобу? Ушунун өзүндө тобокелчиликтер жаткан жокпу?
Криптовалюта боюнча адис Арстанбек Самиев бул суроого мындайча жооп берди:
“USDKG стейблкоини алтын менен камсыздалган деп расмий кабарлап жатышпайбы. Эгер аны камсыздоо үчүн алтынды чет жакка чыгарышса, анда кандайдыр бир тобокелчиликтер бар. Мисалы, 1 млрд долларлык алтынды Binance биржасына депозитке коюп, ошого жараша USDKG’ни листинг жүргүздү дейли. Бирдеме болуп, USDKG’нин баасын түшүп кетсе, анда ошол алтындын наркы да түшүп, 500 млн доллар болуп калышы мүмкүн. Кайра көбөйүп кетиши деле ыктымал. Мен муну гипотетикалык жактан айтып жатам. Бирок мамлекеттин жетекчилери алтынды Улуттук банкта эле кармашса керек. Ал эми KGST’ни боюнча айтсам, мен аны мамлекетке тиешелүү го деп ойлоп жүргөм, ал менчик тура. Албетте, сомго бирме-бир кылып каалаган компания чыгара берет, бирок бул жерде ага мамлекет гарант берип, анан жүгүртүүгө чыгарып жатпайбы. Ага акчаны ким салды, мамлекеттин казынасынан кеттиби-кеткен жокпу, ошол жактарын билбейбиз. Ошондуктан мындагы тобокелчиликтерди так айтуу кыйын. Жалпы жонунан, кыргыз жарандарына USDKG’нин жана KGST’нин түздөн-түз зыяны тийбейт. Эгер адамдар аны алып-сатууга катышып, чоң суммасын киргизип, анан баасы түшүп кеткенде эле күйүп калбаса, кесепетин деле тартпайт”.
Маалым болгондой, криптовалютанын эки негизги түрү бар. Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.
Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ошол эле токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчанын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат. Мисалы, эң белгилүү Tether же USDT токени криптобазарда АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат.
Кыргызстанда жүгүртүүгө чыгарылган алты криптовалютаны бириктирген бир нерсе бар – алардын баары токен. Анын ичинде стейблкоин. Адистер стейблкоин классикалык майнинг жолу менен эмес, жеңил гана чыгарыларын белгилеп келишет.