Өкмөт башчы быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп куруларын билдирди

Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Бишкек шаарында 32 жаңы мектеп куруларын билдирди. Бул тууралуу ал муниципалитеттин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2026-жылга пландары боюнча коллегиясынын жыйынында айтты.

Өкмөт башчы борбордо 2022-жылдан бери 30 жаңы мектеп ачылып, 40ка жакын мектепте капиталдык оңдоо жүргүзүлгөнүн, авариялык абалда турган эки билим берүү мекемеси ушул жылы пайдаланууга берилерин кошумчалады. Адылбек Касымалиев Бишкекте үй тибиндеги 143 бала бакча да ачылганын белгиледи.

Буга чейин курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Самат Жантелиев Бишкек шаарына жок эле дегенде 1000 орундуу 73 мектеп керек экенин, аймактык-административдик реформанын алкагында шаардын аймагы кеңейип, мектеп жетишсиздиги дагы күчөгөнүн айткан.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева өткөн жылы борбордогу мектептердин дээрлик бардыгында бир класста 40тан бала окуп жатканын, айрымдарында 50дөн ашып кеткен учурлар бар экенин маалымдаган.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алдыДепутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айттыЗеленский 24-февралда шайлоо өткөрүү планы жок экенин билдирдиЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кеттиЭки депутаттык топ парламент төрагалыгына Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөттүДепутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айттыУКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирдиЖапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалдыМинистр Кулубаев Евробиримдиктин Кыргызстанга санкция салуусуна негиз жок экенин айтты