Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Марлен Маматалиев.

12-февралда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 77 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Аны парламенттеги депутаттык топтордун бардыгы - “Адилет Кыргызстан”, “Ала-Тоо”, “Элдик”, “Ата-Журт” жана “Мекенчил” жалгыз талапкер кылып көрсөткөн.

44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Ал мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетти. Ал мындай чеимди Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалдыӨкмөт башчы быйыл Бишкекте 32 жаңы мектеп куруларын билдирдиЖК гендердик теңчилик мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алдыДепутат Талиева парламент төрагасы "чыңалган саясий кырдаалдын курмандыгы" болгонун айттыЗеленский 24-февралда шайлоо өткөрүү планы жок экенин билдирдиЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кеттиДепутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айттыУКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирди