Ройтерс, Diplomat, Би-Би-Си баш болгон басылмалар президент Садыр Жапаровдун көп жылдардан берки саясий өнөктөшү, 2020-жылкы элдик толкундоолорду тийиштүү нукка буруп, досун бийликке алып келүүдө чечкиндүү роль ойногон Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн деген суроого көнүл бурушту.
Кремлге жакын орус тилдүү басылмалар "Кыргызстандагы башкы "русофоб", же "антиорусиячыл, улутчул саясатчы кызматынан алынды" деген тема астында жазышты. Ташиевдин Орусияга каршы сүйлөгөн сөздөрүн кайдан тапканы белгисиз.
Көпчүлүк журналисттер Ташиев акыркы беш жыл ичинде өз бийлигин, таасирин, популярдуулугун кыйла бекемдеп алганын, атүгүл Жапаров менен Ташиев Кыргызстанда бирдей бийлик укуктарына ээ сыяктуу теңата башкарып келгендей сезилгенин жазышат.
Ошондон улам казакстандык Тенгриньюс, Айран ТВ жана интернеттеги башка маалымат булактары Кыргызстанда бийлик системасы түп-тамырынан өзгөртүлүп, кайра түзүлүп жатканын, мындан ары Садыр Жапаров жеке өзүнүн президенттик бийлигинин вертикалын болушунча бекемдөөгө өтөрүн боолгоп жатышат. Алар Ташиевдин кызматтан алынышына Москва же Батыш түрткү болгон жокпу, кантсе да Кремль башынан эле Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисине бир аз өгөй мамиле жасагандай сезилчү деп да талкуулап жиберишти.
Дагы караңыз УКМК реформасы. Атайын кызматты башкарууга келген Жумгалбек Шабданбеков ким?Айткандай эле, журналисттер ноябрь айында Путин Бишкекке барганда аны менен кол алышып учурашканы тизилип турган кыргыз министрлери арасында Камчыбек Ташиев болбогонун, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун чоң жыйыны өтүп жатса Ташиев биринчи турушу керек эле деп да көңүл бурушат.
Экинчи жагынан, Кыргызстан Орусияга керектүү айрым товарларды өз аймагы же чек аралары аркылуу тымызын ташып берип жатат деп Брюсселдин санкцияларына кириптер болгону, бул ишке байланыштуу, балким, чек арадан кирип-чыккандын баарын көзөмөлдөгөн коопсуздук кызматын көзөмөлгө алгыла деп батыштык дипломаттар талап кылгандыр деген версияны казак серепчилери Айран ТВдагы талкууда ортого салышат.
Коңшулаш мамлекеттер болобу, жакынкы, алыскы өлкөлөрдүн журналисттери, серепчилери, эксперттери Жапаров менен Ташиев Борбор Азияда эң узак чыдаган саясий тандем түзгөнүн, экөө тең 2010-жылы "бийликти басып алууга аракеттенген" деп айыпталып соттолгонун, экөөнүн саясий тандеми Кыргызстанда соңку жылдары орногон саясий стабилдүүлүккө пайдубал болуп бергенин, эми мындан ары кандай болот, экөөнүн мамилеси, мындан аркы аракеттери өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этет деген санааркоо менен көз салып жаткандарын байкоого болот.
Дагы караңыз "Досумдун өзүн сактап калдым". Жапаров үн катты, Ташиев Бишкекке кайттыБорбор Азияда негизи саясий тандем, же эки чоң саясатчынын бирге бийлик жүргүзүү аракеттери адатта өтө кыска убакытка созулуп, тез эле кыйраганын да белгилеп жатышат.
Ташиевдин кызматтан алынышы, албетте, Өзбекстандын, Тажикстандын интернет булактарында, соцмедиаларында да сөз болуп, бул жөнөкөй мамлекеттик кызматкердин иштен алынышы эмес, ал кантсе да Садыр Жапаровдун көп жылдардан берки саясий үзөңгүлөшү, колдоочусу болгонуна басым жасап жатышат.
Айрыкча Ташиевдин өлкөдө баарына аралашып көзөмөлдөгүсү келген супер-коопсуздук кызматын түзгөнүнө басым жасалат.
Борборазиялык журналисттер эмнеси болсо да Кыргызстандын саясий чөйрөсү коңшулардыкына караганда тезирээк өзгөрүп, табияты, динамикасы башкача экенине бир жагынан суктанса, экинчи жагынан "эки дөөнүн эрегишинен" эл жабыркабасын деген тынчсыздануусун билдирип жатышат.