Шаирбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

Шаирбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди.

“Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Дарыланып келгенден кийин ден соолугу бир аз жакшы. Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок”, - деди ал.


Буга чейин Шаирбек Ташиевдин 2024-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясында 2,5 миллион сом киреше тапканын көрсөтүлүп, 12 миллиард 637 миллион сомдук жаңы кыймылдуу мүлкүн каттаган. Депутат иш жүзүндө анын мынча суммадагы байлыгы жок экенин, бул актив катары гана көрсөтүлүп калганын айтты.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан учурда Камчыбек Ташиев аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирген. Ал 13-февралда Бишкекке кайтып келген.

Садыр Жапаров 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, Камчыбек Ташиевди кабыл алганын, УКМКнын мурдагы төрагасы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте экинчи "Эне үйү" борбору ачылдыБишкекте реабилитациялык борбордо каза тапкан эки адамдын иши иликтенүүдөМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуПрезидент транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алдыБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуЖапаров: Түндүк-түштүккө бөлүнүүгө жол берилбейтЖапаров Ташиев менен жолукканын, ал кызматка барбай турганын айттыКазакстан Ысык-Көлдөгү жер тилкелерин ижарага алуу келишимин 49 жылга узарттыКоррупцияга каршы күрөшүү мыйзамына кол коюлдуБашкы прокуратура УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-башчысы Элдар Жакыпбеков кармалганын ырастадыАламүдүн районунда машине жардан кулап, үч адам мүрт кетти