Эки аптадан бери коомчулукка чыкпай жаткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушуу өткөрүп, Кытай лидери Си Цзинпинге видеокуттуктоо жолдоду.
14-февралда Рахмондун басма сөз кызматы анын Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын башчысы Цзоу Цзяи менен жолукканын кабарлап, фото жана видео материалдарды жарыялады.
Маалыматка ылайык, тараптар Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу жана Нурек ГЭСин модернизациялоо долбоорлорун талкуулашкан.
15-февралда тажик лидери Си Цзинпинди кытай Жаңы жылы менен видео аркылуу куттуктады. Үч мүнөттүк видео президенттин расмий сайтында, Nелеграм-каналында жана Facebook баракчасында жарыяланды.
Буга чейин мамлекет башчысынын басма сөз кызматы чет өлкөлүк лидерлерге жөнөтүлгөн куттуктоо телеграммаларынын тексттерин гана жарыялап келген. Мындай форматтагы куттуктоо адаттан тыш көрүнүш болуп саналат.
Рахмондун коомдо жана мамлекеттик телеканалдарда болжол менен эки жумадай көрүнбөй калышы ар кандай имиш-кептердин жаралышына жол ачты.
"Озоди" радиосунун булактары президент эс алууга кеткен деген варианттардан тартып чет өлкөдө дарыланып жатат деген сыяктуу түрдүү версияларды айтышкан. Анткен менен бул маалыматтардын бири да расмий ырасталган эмес.
74 жаштагы Эмомали Рахмондун ден соолугу тууралуу ушак-айыңдар буга чейин да чыккан. Мындай маалыматтар адатта коомчулуктун кеңири кызыгуусун жаратат.
Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери Тажикстандын президенти. 1992-жылдан тартып Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, иш жүзүндө өлкөнү башкарган. 2016-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин ал президенттикке чектөөсүз талапкерлигин коюу укугуна ээ болгон.
Ал президент болгондон бери көптөгөн саясий оппоненттери өлкөдөн чыгып кеткен же соттолгон. Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматтарда жана ири бизнестеги жетекчилик кызматтарда иштешет.