Бакудагы аскердик сот жикчил Тоолуу Карабак республикасынын (НКР) мурдагы мамлекеттик министри жана ишкер Рубен Варданянды 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Азербайжандын мамлекеттик Azertag агенттиги кабарлады.
Варданянга 40тан ашуун айып тагылган. Алардын ичинде террорчулукту каржылоо, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү түзүү, чек арадан мыйзамсыз өтүү, ошондой эле атайылап киши өлтүрүү жана бийликти күч менен басып алуу беренелери бар.
Варданян соттун өкүмүн тааныбай турганын жана «адилеттүү соттун имитациясына» катышуудан баш тартарын билдирген. Анын айтымында, Бакуда өтүп жаткан териштирүү адилеттүү соттун негизги стандарттарына жооп бербейт жана чыныгы сот катары каралышы мүмкүн эмес. Прокурорлор аны өмүр бою эркинен ажыратууну сурашкан.
2023-жылдын сентябрь айында Карабактан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда ал Армения менен чек арада кармалган. Ошол кезде жикчил аймак аскердик операциянын жыйынтыгында толугу менен Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн.
Варданян жана Тоолуу Карабактын башка жетекчилери боюнча сот жараяны 2025-жылдын январында башталган.
Варданян бир нече жолу тергөө жана сот процесси мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдирип, тергөө абагында эки жолу ачкачылык жарыялаган. Февралдын башында Тоолуу Карабактын беш жетекчиси, алардын ичинде мурдагы президент Араик Арутюнян өмүр бою эркинен ажыратылган.
Азербайжан тарап Варданяндын процессуалдык укуктары толугу менен камсыздалганын билдирүүдө.
Рубен Варданян Орусиядагы «Тройка Диалог» брокердик компаниясынын жана «Сколково» бизнес-мектебинин негиздөөчүсү. Ал мурда Орусиянын эң бай адамдарынын тизмесине кирген. 2022-жылы Орусиянын жарандыгынан баш тартып, Тоолуу Карабакка көчүп барган.
Азербайжан бийлиги аны катуу сынга алып, 2020-жылы Москванын ортомчулугу менен жетишилген армян-азербайжан тынчтык келишимдерине тоскоолдук кылып жатат деп айыптаган.